• 87
  • 90.41
  • 0.84

Садыр Жапаров “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумунун катышуучуларына кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 13.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкекте өтүп жаткан “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форумунун катышуучуларына кайрылуу жасады.

Президенттин кайрылуусун мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов окуп берди.

Мамлекет башчысынын кайрылуусунда мындай деп айтылат:

"Кымбаттуу Кыргыз жарандары жана форумдун катышуучулары!

Кадырлуу меймандар жана өнөктөштөр!

Ушул жылдын 15-декабрында өтө турган II Элдик курултайды утурлай мамлекеттүүлүктү чыңдоого багытталган бир катар маанилүү республикалык жана эл аралык иш-чаралар өткөрүлүүдө. Алардын бири Кыргыз жараны концепциясынын алкагында, этностор аралык ынтымак жана тынчтык маселелерин талкуулоо үчүн болуп жаткан бүгүнкү өзгөчө маанилүү иш-чара – “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” жалпы улуттук форуму.

Улуу эпосубузда Айкөл Манас атабыз “Кулаалы таптап куш кылдым, курама жыйып журт кылдым” деп айтканы - баарыбызга маалым. Эзелтеден, элибиз ар түрдүү этностордон куралган. Ошондой эле бүгүнкү күндө да Кыргызстандын биримдиктүү элин 80ден ашуун ар кыл этностор түзүп, ыйык Ала-Тоо жергебизде ынтымак-ырашкерликте жашап жатышат. Биздин көп улуттуу элибиздин достугу жана биримдиги негизги өзөк, Кыргызстандын гүлдөп-өнүгүшүнүн башкы мамлекеттик милдети жана шарты болуп саналат. “Ырыс алды - ынтымак” – бул насаатта ата-бабаларыбыздын улуу осуяты камтылган. Эркиндикти сүйгөн элибиздин эң негизги байлыгы – бул биздин биримдигибиз!

Мына ошондуктан, ата-бабаларыбыздын салтын аздектеп, ынтымакты, достукту жана өз ара түшүнүшүүнү көзүбүздүн карегиндей сакташыбыз зарыл!

Биз, бирдиктүү Кыргызстандын эли жетишкендиктерибизге чогуу кубанып, башка түшкөн кыйынчылыктарды чогуу көтөрүп келе жатабыз. Баарыбыз биргеликте өлкөбүзгө тынчтыкты жана өсүп-өнүгүүнү каалайбыз.

Кыргыз Республикасынын ар бир жараны этносуна, динине, регионуна жана социалдык абалына карабастан, бирдей укуктарга жана милдеттерге ээ.

Жалпы эл шайлаган мамлекет башчысы катары мен мамлекеттик башкаруунун бардык деңгээлдеринде эл биримдигин бекемдөө, этностор аралык мамилелерди жана ынтымакты чыңдоо, конфессиялар аралык толеранттуулукту жогорулатуу, экстремизмди болтурбоогобагытталган жалпы улуттук комплекстүү системаны түзүү үчүн бардык зарыл чараларды көрүү милдетин койдум.

Бул тапшырманы бүгүн да кайталайм: эгерде кайсы бир мамлекеттик кызматкер же кимдир бирөө өзүнүн даражасына, ээлеген кызматына карабай элибиздин ынтымагына доо кетирсе, ар улуттун ортосундагы достукту бузса, мамлекетибиздин алдында мыйзам чегинде катуу жоопко тартылат! Мен эч кимге Кыргызстандын элинин ынтымагына доо кетирүүгө жол бербейм. Мамлекетибиздин улуттук биримдигине жана бүтүндүгүнө доо кетирген ар кандай билдирүүлөргө бүгүн укук коргоо органдары канчалык катуу жана дароо реакция кылып жатканына бардыгыңар күбөсүңөр.

Бүгүн өлкөбүз ишенимдүү өнүгүү жолуна түштү. Үч жылдын ичинде биз биргеликте мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун сөз менен эмес, иш жүзүндө калыбына келтирдик, коррупция менен күрөштө чечкиндүүлүк көрсөтүп, кирешелерди эселеп көбөйтүп, олуттуу экономикалык өсүшкө жетише алдык. Бирок бул башталышы гана! Азыркы тапта Кыргызстандын жашоосунун бардык тармактарын жакын жылдарда тездик менен көтөрүү үчүн пайдубалы түзүлүп жатат. Өлкө элинин ар түрдүүлүгү жана биримдиги – биздин башкы байлыгыбыз жана мурасыбыз!

Туура 3 жыл мурда дал ушул күнү, 2020-жылдын 13-ноябрында, төмөнкү 2 Жарлыкка кол койгонмун.

Биринчиси, калктын биримдигин жана социалдык биригүүнү камсыз кылууда Кыргызстан калкы ассамблеясынын ордун эске алып, “Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешинин ордун жана статусун жогорулатуу жөнүндө” Жарлыгым чыккан. Бул Жарлыкка ылайык, Кыргызстан калкы ассамблеясынын кеңешине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу консультативдик-кеңеш берүүчү органдын статусу берилген. Өзүңүздөр билгендей, буга чейинки жылдары Кыргызстан калкы ассамблеясы мурдагы макамын жана аброюн жоготуп алган. Аны катардагы өкмөттүк эмес уюм сыяктуу кабыл алып калышкан. Мындай мамилеге жол берүүгө болбойт деп ойлойм. Учурда менин тапшырмам боюнча Министрлер Кабинети тарабынан “Кыргызстан калкы ассамблеясы жөнүндө” мыйзам долбоору иштелип чыкты. Мен Жогорку Кеңештин депутаттарынан бул мыйзамды тез арада колдоп берүүнү суранам. Ассамблеянын ишмердүүлүгү мамлекеттик негизде жолго салынышы керек. Этникалык диаспора уюмдары да мамлекет тарабынан каржыланмакчы.

Экинчиси, Кыргыз Республикасынын этностук жамааттарынын жарандык биригүүсү жана Кыргыз жараны деп өзүн таануусу, жарандардын кызыкчылыгы сакталган мамлекеттин калыптануусу зарыл экенин эске алып, атайын Жарлык менен 2021-2026-жылдары Кыргыз Республикасында жарандардын Кыргыз жараны деп өзүн таануусун өнүктүрүүнүн концепциясы бекитилген.

Буга чейин жалпы улуттук “Кыргыз жараны” деп өзүн таанууну киргизүү боюнча зор иштер аткарылды. Этносуна карабай Кыргыз Республикасынын жаштары өзүн-өзү кыргыз жараны деп таануусун калыптандыруу маселеси – бул элибиздин биримдигин, ынтымагын жана өлкөбүздүн бүтүндүгүн чыңдоону камсыз кылуучу шарт.

Жалпы жарандык жана мамлекеттик биримдикти калыптандыруу бул этностук өзгөчөлүгүнө карабастан, аралашып чогуу иштеп, биргелешип биримдик жаратуу, өлкө экономикасын ынтымакта өнүктүрүүнү жана саясий жоопкерчиликти чогуу көтөрүүнү талап кылат.

Өлкөбүздүн Кыргыз жараны концепциясын ишке ашырууда бир нече эл аралык жана жергиликтүү өнөктөштөрүбүз, мекендештерибиз жана Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү программасынын салымы зор.

Мен 2021-жылдын апрель айында Кыргыз Республикасынын Президенти катары Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Улуу Даражалуу Антонио Гуттерешке тынчтыкты орнотуунун улуттук механизмин чыңдоону, элдин биримдигин бекемдөөнү, толеранттуулукту жогорулатууну жана чыр-чатактарды болтурбоону камсыз кылуу үчүн Кыргыз Республикасына техникалык жана каржылык жардам көрсөтүү өтүнүчү менен расмий түрдө кайрылгам.

Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, менин кайрылуумду оң карап чыккандыгы үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысына, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун Тынчтык орнотуу фондуна жана Уюмдун Кыргыз Республикасындагы бардык системасына тынчтыкты камсыз кылуу, элдин биримдигин жана ынтымагын арттыруу чөйрөсүндө көрсөткөн маанилүү жардамы үчүн дагы бир жолу ыраазычылык билдирүүгө уруксат этиңиздер.

Бүгүн борбордук жана аймактык бийлик органдарынын жетекчилеринин, ар кыл этностук диаспоралардын өкүлдөрүнүн, академик окумуштуулардын жана жарандык коомдун лидерлеринин катышуусунда өтүп жаткан “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” форумунда жалпы улуттук тынчтыкты жана ынтымакты өнүктүрүү жана бекемдөө боюнча актуалдуу маселелерди талкуулоо зарыл. Бүтүндөй элибиздин потенциалын толук кандуу ачууну камсыздоо үчүн кандай кадамдарды жасай алабыз? “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруунун үч жыличиндеги алгачкы жыйынтыктарын чыгаруу зарыл. Концепцияда каралган чараларды жакшыртуунун жана толуктоонун мүмкүн болгон жолдору боюнча пикир алмашуу жана бул сунуштарды жооптуу органдардын кароосуна киргизүү кажет.

Кымбаттуу форумдун катышуучулары!

Элибиздин биримдигин болоттой бекем ширетүү үчүн биз таамай белгилей турган нерсе: мамлекеттик тилди өнүктүрүү, көп тилдүүлүктү сактоо дагы – учурдун талабы. Кыргыз тили, баарыбызга белгилүү болгондой, Конституцияга ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили болуп саналат. Ушул жылдын июль айында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” атайын Конституциялык Мыйзам кабыл алынды. Мамлекеттик тилди билүү жана аны үйрөнүү менен Ата Мекенге берилүүбүз артып, дүйнөгө болгон көз карашыбыз өзгөрөт.

Муну менен катар Кыргыз Республикасында жашаган этностук коомчулуктун эне тилин сактоосуна жана өнүктүрүүгө шарт түзүлөт. Ал эми орус тили расмий тил катары өзүнүн маанилүү ордун улантат. Тил аркылуу биз бир элдин сүйлөгөнүн эле эмес, дүйнө таанымын, руханий дөөлөттөрүн, көөнөрбөс баалуулугун кошо үйрөнөбүз.

Кыргыз жаранын эне тилинде, мамлекеттик, расмий жана чет тилдерде эркин сүйлөгөн жаран катары калыптандырууга көмөктөшүүчү көп тилдүү билим берүүнү өнүктүрүү жана ишке киргизүү – заман талабына ылайык келет.

Ар бир атуул Кыргыз жараны катары өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликтүү болуп, Мекенибиздин өнүгүп-өсүшүнө өзүнүн нар көтөргүс салымын кошууга мезгил жетти.

Андыктан ар бир Кыргыз жаранынын жүрөгүндө:

“- Мекеним менден башталат!

- Мыйзамдуулук менден башталат!

- Чек ара менден башталат!

- Тартип менден башталат!

- Маданият менден башталат!

- Тазалык менден башталат!”, - деген атуулдук сезим менен биз бир түндүктүн алдында бир болушубуз абзел!

Сөзүмдүн соңунда “Бирдиктүү эл – күчтүү өлкө” улуттук форумунун бардык катышуучуларына Кыргызстан элинин биримдигин мындан ары өнүктүрүү жана жерибизде тынчтыкты чыңдоо үчүн кызмат кылууда дагы бир иретийгиликтерди каалайм!

Пикир

Оставить комментарий