Садыр Жапаров Бишкектеги жарнамалык такталарды LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды

Президент 0

Бишкек, 18.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына шаардагы эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин LED-экрандарга алмаштырууну тапшырды. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Шаардын ичиндеги эски жарнамалык такталарды 31-августка чейин толугу менен тазалап, шаардын көркүнө ылайыктуу жана ыңгайлуу жерлерге LED-экрандарга алмаштыргыла. Шаардын ичин ирээтке келтиргиле!

Эски замандан чыккыла! Эшикте 21-кылым", - деп жазды өлкө башчысы.

Пикир

Оставить комментарий