• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протокол ратификацияланды

Президент 0

Бишкек, 15.12.18 /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «2018-жылдын 15-мартында Москва шаарында кол коюлган, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө 2014-жылдын 29-майындагы келишимге өзгөртүү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2018-жылдын 14-ноябрында кабыл алынган.

Протокол менен 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 10-беренесинин 2-пунктуна Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин курамына мүчө мамлекеттин башчысы гана эмес, өзүнүн мамлекетинин мыйзамдарына ылайык Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин компетенциясына кирген маселелер боюнча чечимдерди кабыл алууга ыйгарым укуктар берилген мүчө мамлекеттин өкмөт башчысынын дагы кирүү мүмкүндүгүн белгилөө бөлүгүндө өзгөртүүлөрдү киргизүү каралган.

Себеби, 2015-жылдын 6-декабрында Армения Республикасынын Конституциясынын жаңы редакциясы кабыл алынган (толугу менен 2018-жылы күчүнө кирди), ага ылайык Армения Республикасы мамлекеттик башкаруунун парламенттик системасына өтүүдө жана анда Президенттин ыйгарым укуктары кыйла өзгөртүлдү.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий