• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров БУУнун Нью-Йорктогу штаб-квартирасына ТӨМ боюнча саммитке катышуу үчүн келди

Президент 0

Бишкек, 18.09.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Туруктуу өнүктүрүү максаттары (ТӨМ) боюнча саммитинин ачылыш аземине катышуу үчүн Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) БУУнун штаб-квартирасына келди.

Бул форумдун негизги максаты – дүйнөнү бардыгы үчүн мындан да экологиялык, таза, коопсуз жана адилеттүү келечекке кайтаруу.

ТӨМ саммитинин ачылышында БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш, БУУнун Башкы Ассамблеясынын төрагасы Деннис Фрэнсис жана Экономикалык жана Социалдык Кеңештин төрайымы Паула Нарваестер сөз сүйлөйт.

ТӨМ саммитинде эч кимди артта калтырбоо деген – 2030-жылга чейинки Күн тартибинин негизги, кайра куруучу убадасын ырастаган саясий декларациянын кабыл алынышы күтүлүүдө.

Бүгүн мамлекет башчысы ТӨМ саммитинин Лидерлеринин диалогунун алкагында сөз сүйлөйт.

Белгилей кетсек, президент Садыр Жапаров БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жалпы дебаттарынын ачылышына эртең, 19-сентябрда, катышып, сөз сүйлөйт.

Пикир

Оставить комментарий