Бишкекте бир жуманын ичинде 4,5 миңден ашуун жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды

Коом 0

Бишкек, 18.09.23. /Кабар/. Бишкек шаарынын аймагында 8-14-сентябрь күндөрү жол эрежелерин одоно бузган 4 миң 533 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен:

  • мас абалында унаа башкаруу - 19;
  • унааны каттоосу жок башкаруу - 358;
  • автоунааны күбөлүгү жок башкаруу - 44;
  • ылдамдыктан ашырып айдоо - 78;
  • жөө жүргүнчүлөр тарабынан эреже бузуулар - 406;
  • жол белгилеринин талаптарын аткарбоо - 2 611;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу - 22;
  • мотошлемдерди же коопсуздук курларын пайдалануу эрежелерин бузуу - 476;
  • башка бузуулар - 519.

Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 113 автоунаа айып короосуна киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий