Турсунбек Акун: Бул шайлоо жаңы бийлик үчүн сыноо болду

Коом 0

Устүбүздөгү жыл Кыргызстанда өткөн көптөгөн саясий процесстер менен эсте калды. Жыл башында президентти жана конституциялык реформаны шайлоо, жыл ортосунда жергиликтүү кеңештерди, ал эми жыл аягында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өттү. Парламенттик шайлоо жаңы система менен өттү. "Евразиялык муун" коомдук фондунун КР президентинин алдындагы Коррупцияга каршы ишкердик кеңеши жана "Альфа" атайын күчтөрүнүн ардагерлеринин эл аралык ассоциациясы менен биргеликте уюштурган "Парламенттик шайлоо-2021: коомдук-саясий процесстин өзгөчөлүктөрү" аттуу маалымат жыйында эксперттер өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарууну чечишти.

Борбор Азия өлкөлөрүндөгү адам укугу боюнча конгресстин координатору, КРнын мурдагы акыйкатчысы Турсунбек Акун шайлоонун жыйынтыгы, жетишкендиктер жана кемчиликтер тууралуу айтып берди.

"Белгилүү кемчиликтер дагы, артыкчылыктар дагы болду. Президенттин таза шайлоо өткөрүү жөнундөгү билдирүүсү чоң роль ойноду. Бул билдирүүнү аймактарда катуу колдошту. Бирок биз төрт тараптуу келишимди бары аткарбаганын айта кетүүбүз керек, бирок анын таасири чоң болду. Сервердин ишиндеги катасы терс таасир калтырды. Башка кемчиликтерге келсек утулуп калгандардын митингге чыгуусу болду. Бул шайлоо жаңы бийлик үчүн сыноо болду, жана сынактан өттү”, - деди Акун.

Өз кезегинде БШКнын өкүлү Нурлан Койчукеев белгилегендей, айрым кемчиликтер аныкталганын, алар боюнча келечекте иш жүргүзүлө турганын, бирок жалпысынан өлкө алдыга жылып, шайлоолор ийгиликтүү өткөнүн белгиледи. "Алдыңкы күндөрү жаңы парламент өз ишин байштайт", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий