• 87.12
  • 94.14
  • 0.98

Кыргызстанда 668 миң гектарга жакын жаздык эгин айдалды

Коом 0

Бишкек, 14.06.22. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-майына карата республика боюнча 668 миң гектарга жакын жаздык эгин айдалды. Бул өткөн жылдын тиешелүү күнүнө караганда 5 миң гектарга көп, - деп билдирет Улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматы.

Өткөн жылдын ушундай эле күнүнө карата жаздык өсүмдүктөрдүн аянттарына карата эгиндердин көбөйүшү пахта өсүмдүктөрүнүн - 9,5%, жаздык арпанын – 9%, май өсүмдүктөрүнүн – 4% жана картошканын – 3% көбөйүшү менен камсыз болду.

Муну менен катар жаздык буудайдын, дан буурчак өсүмдүктөрүнүн жана кант кызылчасынын айдоо аянттары төмөндөдү.

Жаздык эгиндердин жалпы аянтында эң чоң үлүш Чүй облусунунда 33% жогору, Ош жана Ысык-Көлдө 15% жакын, ошондой эле Жалал-Абад облусун чарбаларында 13% жогору болду.

Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Ош облустарынын бийик тоолуу аймактарында жазгы эгин себүү иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий