• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Лейлекте милиция мал уурулуктун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө

Аймак 0

Бишкек, 20.12.21. /Кабар/. Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери Кулуңду, Сада, Интернационал айылдарынын жашоочуларына мал уурулуктун алдын алуу максатында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.

“Мал ууру” аталышындагы иш-мерчеминин негизинде милиция кызматкерлери 4 топко бөлүнүп, чек ара аймактарында жашаган 50гө жакын кожолуктун камтыган жарандардын турак үйлөрүнө барып, паспорттук текшерүүлөрдү анын ичинде уурдалган малдарды аныктоо, уурдалган автоунааларды текшерүү боюнча иштерди алып барышты.

Жергиликтүү тургундарды мал сарайларды кечинде бекитүүгө, кулпуларды салууга, мал камаган жайларды түнкүсүн жарыктандырууга, талаа-түзгө малдарды кароосуз айдабоого чакырып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

Кулуңду айыл аймагы Тажикстандын Б.Гафуров району менен, ал эми Сада айылы Пахта-Абад айылы менен суу канал аркылуу чектешет. Сада айылында жыл башынан бери мал уурулук боюнча 3 факт катталып, бети ачылган эмес. Бул боюнча ыкчам тергөө иштери жүрүп, жоголгон малдар Тажикстандын аймагына өтүп кеткендиги боюнча маалыматтар алынган. Бул боюнча азыр тиешелүү деңгээлде иштер жүрүп жатат.

Пикир

Оставить комментарий