• 87.96
  • 95.21
  • 0.97

Садыр Жапаров COP28де эл аралык коомчулукту тоолуу өлкөлөрдүн климаттык көйгөйлөрүн чечүүгө багытталган аракеттерин колдоого чакырды

Президент 0


Бишкек, 01.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн Дубай шаарында (Бириккен Араб Эмираттары) Адаптация боюнча Глобалдык жыйынтык чыгаруу боюнча Жогорку деңгээлдеги комитеттин Биринчи отурумунда «Тоолуу өлкө катары Кыргыз Республикасында климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу» темасында сөз сүйлөдү.

Иш-чара БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын Жогорку деңгээлдеги сегментинин алкагында өткөрүлдү.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө мындай деп белгиледи:

«Урматтуу Төрага,

Урматтуу делегация башчылары!

Бүгүн мен бул COP28 Тараптардын Конференциясын тоолор менен климаттын ортосундагы негизги өз ара аракеттенүүгө багытталган жаңы глобалдык диалогду баштоого шашылыш түрдө чакырам.

Тоолор – бул жөн гана кереметтүү ландшафттар эмес; алар дүйнөнүн суу мунаралары, биологиялык ар түрдүүлүктүн булагы жана биздин планетанын саламаттыгынын сакчылары.

Ошол эле учурда алар климаттын өзгөрүшүнө эң сезимтал экосистемалардын катарына кирет. Биздин тоолордо болуп жаткандар бир гана бийик тоолуу аймактарда жашагандар үчүн эмес, жер бетиндеги бардык тиричилик үчүн терең кесепеттери бар.

Кыргыз Республикасы көптөгөн тоолуу өлкөлөр сыяктуу эле климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин өз көзү менен көрүп жатат. Мөңгүлөрүбүз эрип, биологиялык ар түрдүүлүк коркунучта, ал эми бул ландшафттар менен кылымдар бою эриш-аркак жашап келген элибиз мурда болуп көрбөгөндөй кыйынчылыктарга туш болууда.

Ушул жылдын октябрь айында БУУнун Баш катчысы Антониу Гутерриш Эвересттин жанындагы дүйнөнүн чокусунан сүйлөп жатып, Непал акыркы 30 жылда мөңгүлөрдүн үчтөн бир бөлүгүн жоготкондугун мисалга келтирди. Ушундай эле абал Кыргызстанда да байкалууда. Бул чындап эле акылга сыйбаган нерсе, аны токтотуу керек.

Тоолуу өлкөлөр эмитен эле өз күчтөрүн бириктирип жатышат. Биз БУУнун Башкы Ассамблеясынын 77-сессиясында 2023-2027-жылдар тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин Беш жылдыгы деп жарыяланган "Тоолорду туруктуу өнүктүрүү" резолюциясын кабыл алуу боюнча Кыргыз Республикасынын демилгесин колдогондугу үчүн бардык өнөктөштөргө ыраазычылык билдиребиз.

Мен Андорранын, Непалдын, Бутандын жана башка мамлекеттердин өкмөттөрүнө бул демилгени илгерилетүү боюнча биргелешип иш алып барганы үчүн ыраазычылык билдиргим келет.

Диалогдун жаңы механизмине биздин биргелешкен чакырыгыбыз бир гана тоолорго эмес, глобалдык климаттык системага да тиешелүү. Тоолор аба ырайынын түзүлүшүндө, суунун циклинде жана көмүртектин сакталышында негизги ролду ойнойт. Аларды коргоо - аймактык эле маселе эмес, бул глобалдык муктаждык.

Бул Конференция символдоштуруп жаткан биримдиктин жана жамааттык иш-аракеттердин духунда мен бардык элдерди, айрыкча тоолуу райондору бар мамлекеттерди бул демилгени колдоого чакырам. Биргелешип, биз тоолор туш болгон уникалдуу көйгөйлөрдү чечкен стратегияларды иштеп чыга алабыз жана ошону менен глобалдык климаттын туруктуулугуна олуттуу салым кошо алабыз.

Биздин планета тогуз жолдун тоомунда турат. Бул жерде кабыл алган чечимдерибиз биздин тоолордун келечегин, демек биздин дүйнөнү аныктайт. Келгиле баарыбыз кызматташуунун, көрөгөчтүктүн жана аракеттин жолун тандайлы».

Пикир

Оставить комментарий