• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Фоторепортаж — ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы кезектеги сессиясы

Президент 0

Бишкек, 02.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 2-декабрда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин Төрагасы Талант Мамытов Россия Федерациясынын Төрагалыгы астында өткөн Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматындагы сессиясына катышты. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын Президенти Александр Лукашенко, Казакстан Республикасынын Президенти Касым-Жомарт Токаев, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин, Тажикстан Республикасынын Президенти Эмомали Рахмон, Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашинян, ошондой эле ЖККУ башкы катчысы Станислав Зась катышты.

Өз сөзүндө Талант Мамытов Кыргызстан бардык кыйынчылыктарга карабастан, ЖККУ алкагындагы милдеттенмелерин татыктуу аткарып жатканын, аймактык жана эл аралык коопсуздукту камсыз кылууга жана жалпысынан Уюмдун дараметин бекемдөөгө багытталган идеяларды жана демилгелерди колдой тургандыгын билдирди.

Иш-чаранын катышуучулары эл аралык коопсуздук абалы жана мындан ары ЖККУнун натыйжалуулугун арттыруу, сессиялар ортосундагы мезгилде Жамааттык коопсуздук кеңешинин сессиясынын жана ЖККУ уставдык органдарынын чечимдерин ишке ашыруу, ошондой эле ЖККУга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык кызматташтыгын өнүктүрүү жана бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Сессиянын жыйынтыгында ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү тарабынан аларга кол коюуга жеке тартипте киргизиле турган бир катар документтердин долбоорлору жактырылды.

Алар:

— Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Жамааттык коопсуздук кеңешинин декларациясы;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин адилеттүү жана туруктуу тынчтык түзүмүн куруу жөнүндө билдирүүсү;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «2021-2025-жылдарга карата Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин аскердик кызматташтыкты өнүктүрүү планы тууралуу» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «2021-2025-жылдарга карата Жамааттык коопсуздук келишим жөнүндө уюмуна мүчө-мамлекеттердин Баңги заттарга каршы стратегиясы тууралуу» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө уюмдун алкагында биргелешип иштелип жана өндүрүлүп жаткан аскердик максаттагы продукциялар менен бардык этаптарда камсыз кылуу жана алардын сапатын көзөмөлдөө боюнча комплекстүү жана системдүү мамилелердин концепциясы жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин мамлекеттик бийлик органдары үчүн кадрларды даярдоо тутумун өркүндөтүү боюнча кошумча чаралар жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Тынчтык куруу күчтөрүнүн кызматкерлерин даярдоо боюнча базалык окуу-методикалык уюму жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмуна мүчө-мамлекеттердин тынчтык куруу контингенттеринин курамы жана жайгаштырылышы тууралуу протокол жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун Катчылыгындагы квоталык кызмат орундарын бөлүштүрүү жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2019-жылдагы бюджетинин аткарылышы тууралуу отчету жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун 2021-жылга карата бюджети жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» чечими;

— ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин «Уюмга төрагалык кылуу, Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезектеги сессиясын өткөрүү убактысы жана орду жөнүндө» протоколдук чечими;

— ЖККУнун аскерлерин (Жамааттык күчтөрүн) материалдык-техникалык жана медициналык жактан биргелешип камсыздоо жөнүндө макулдашуусу (документ эл аралык келишимдерге кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор бүткөндөн кийин ЖККУнун ЖКК мүчөлөрүнө кол коюуга киргизилет);

— 2007-жылдын 6-октябрындагы ЖККУнун Тынчтыкты куруу ишмердиги жөнүндө макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө протоколу (документ эл аралык келишимдерге кол коюу үчүн зарыл болгон мамлекет ичиндеги жол-жоболор бүткөндөн кийин ЖККУнун ЖКК мүчөлөрүнө кол коюуга киргизилет).

Пикир

Оставить комментарий