«Салык элдин жонунан кайыш тилгендей болбошу керек!”- бул тууралуу Садыр Жапаровдун билдирүүсүн өлкө башчысынын басма сөз катчысы Аскат Алагөзов жарыялады. Президент министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов менен болгон жолугушууда электрондук товардык накладнойлорду (ЭТТН) киргизүүнү талдап, бул механизмди ири товарлар үчүн гана колдонуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну тапшырды.
Чындыгында, электрондук накладнойлор чакан ишканаларга чоң көйгөйлөрдү жаратып жиберди. Санариптик башкаруу ишкерлер үчүн анча ыңгайлуу эмес болуп чыкты жана аны баары эле өздөштүрө алган жок. Албетте, бул татаал отчеттуулук. Мындан улам соодагерлердин арасында пикир келишпестиктер жана түшүнбөстүктөр жарала баштады. Алкоголдук ичимдиктер боюнча ЭТТН менен иштөөнүн күмөндүү схемалары ачыкталып, буга Мамлекеттик салык кызматынын мурдагы жетекчилигинин тиешеси бар экени белгилүү болгондо, салыктык тескөө тармагында өтө туура эмес жагдай түзүлүп калганы ачык болуп калды.
Президенттин басма сөз катчысынын айтымында, Садыр Жапаров өлкөнүн бардык аймагындагы чоң жана кичи базарларда, дүкөндөр менен күркөлөрдөгү соода-сатык менен алектенген адамдардын ишмердүүлүгүндөгү көйгөйлөр боюнча актуалдуу маалыматка ээ. Буга байланыштуу мамлекет башчы элге кошумча жүк болуп калбасын деп жана көмүскө экономиканын үлүшүн көбөйтпөй турган фискалдык саясатты иштеп чыгууну ылайык көрдү.
Жарыяланган өзгөртүүлөр тез арада реалдуу сунуштарга айланды, аларды Алмамбет Шыкмаматов Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында айтып берди. Анын пикиринде, товарлардын он үч миң түрүнөн ЭТТН бешөөнө гана сакталышы керек, булар мунай заттары, тамеки жана алкоголдук ичимдиктер, дары-дармектер жана медициналык буюмдар. «Бардык башка товарлар ЭTTНден бошотулат. Салыктык башкаруу рыноктун бардык катышуучулары үчүн ыңгайлуу, түйшүксүз жана түшүнүктүү болууга тийиш. Жаңы системаларды жана чараларды иштеп чыгууда биз бизнести өнүктүрүү үчүн алда канча пайдалуу жана натыйжалуу шарттарды түзүү максатында, бизнестин пикирин эске алышыбыз керек. Акыр-аягы, биз жөн гана катуу көзөмөлгө, жөнгө салууга умтулбай, бизнестин муктаждыктарын жана көйгөйлөрүн укканды үйрөнүшүбүз керек», - деди салык кызматынын жетекчиси Шыкмаматов.
Алмамбет Шыкмаматовдун айтымында, ЭТТН Кыргызстанда жетиштүү анализден өтпөй киргизилген. Бул системанын методологиясы жана концепциясы бизнес өкүлдөрүнүн, өзгөчө чакан жана орто бизнес өкүлдөрүнүн көптөгөн адилеттүү сын-пикирлерин жаратууда. Процедура көптөгөн жаңычылдыктар менен киргизилген. Бирок, алар дыкат изилденген эмес.
«ЭTTН туура эмес киргизилген, мен муну баардык аянтчадан айта алам”, - деп билдирди Шыкмаматов.
Өкмөт салык жүгүн азайтып, төлөмдөрдү башкарууну жөнөкөйлөштүрүү максатын көздөйт. Негизги дары-дармектерге кошумча нарк салыгын алып салуу боюнча кадамдар буга чейин жасалган. Ошол эле учурда, маанилүүлүгү кем эмес, алардын тизмесин гемодиализ, гепатит жана башка ооруларды дарылоо үчүн дары-дармектер менен кеңейтүү пландаштырылууда. Учурда Саламаттыкты сактоо министрлиги дары-дармектердин реестрин жаңылоо иштерин жүргүзүүдө.
Ошол эле маалда Мамлекеттик салык кызматынын жаңы жетекчиси сатылып алынган күйүүчү майдын литри жол куруу үчүн бир сомдон салык киргизилгенден кийин, унаага төлөп келген салыкты алып салыш керек деген пикирин билдирди.
«Муну студент деле түшүнөт. Бир чөнтөктөн эки салык алабыз: бири транспортко, экинчиси бензинге. Бир салыкты алып салыш керек. Автотранспорт салыгын жоюш керек деп айтам, анткени автотранспорттун салыгы жолго түшпөй, жалпы казынага түшүп жатат. Ал эми бензинден түз эле Жол фондуна түшөт», — деп түшүндүрдү Алмамбет Шыкмаматов.
Ишкер чөйрөнүн өкүлү Михаил Халитов салык тармагында тартипке келтирүүгө багытталган аракеттерди кубатташ гана керек дейт.
«Бул жолу биз мурунку реформалар учурундагыдай каталарды кетирбейбиз деп үмүттөнөм. Ал кезде нормативдик-укуктук базаны иштеп чыгууга жалаң салык адистери менен бухгалтерлер тартылып, алар өздөрүнө жумуш ойлоп таап, ыйгарым укуктарын кеңейтип, ишкерлердин кызыкчылыгын, мүмкүнчүлүктөрүн таптакыр унутуп коюшкан. Кечээ Жогорку Кеңеште айтылган сөздөр такыр башка салмактуу жана ойлонулган салык саясатын жүргүзүүнү билдирет. Биздин салык инспекциясы ушул убакка чейин экономика кандай өнүгүш керек деп буйрук берип келгени – бул парадокс жана болбогон нерсе. Натыйжада бизде татаал жана түшүнүксүз башкаруу системасы пайда болгон. Ошондой эле, ЭTTН бизнес үчүн кыйынчылыктарды жаратып, коррупцияны пайда кылган инновациялар менен байланыштырса болот.
Демек, бул жаатта иштөө ыкмаларын кайра карап чыгуу, ишкерлер менен жарандардын салык жүгүн азайтуу - бул президент Садыр Жапаров көңүл бурган өтө маанилүү фундаменталдуу нерселер. Биз дагы эле мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы оюндун жана өз ара аракеттенүүнүн эрежелерин салык адистери жана бухгалтерлери эмес, өлкөнүн өнүгүү келечегин көргөн компетенттүү экономисттер аныктап, орнотот деген тыянакка келишибиз керек», - деп белгилейт Михаил Халитов.
Эксперттер белгилегендей, азыр Кыргызстан үчүн бизнести сактап калуу гана эмес, ишкерлердин мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, аларга жөнөкөй жана түшүнүктүү эрежелерди түзүү маанилүү. Биздин өлкөнүн алдында чоң милдеттер турат, ошондуктан бутуна бекем турган бизнес, өнөр жай өндүрүшүн өнүктүрүүгө жана олуттуу инфраструктуралык долбоорлорго катыша алат. Туруктуу бизнес чөйрөсү туруктуу экономикалык өсүштүн маанилүү фактору болуп саналат.
Бактыбек Мамбетов, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги
Пикир
Оставить комментарий