• 84.36
  • 93.89
  • 0.92

Садыр Жапаров Франциянын элчиси Николя Файды кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 10.09.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда Франциянын элчиси Николя Файды кабыл алды.

Мамлекет башчысы элчинин ишеним грамоталарын кабыл алып, Николя Файды Кыргызстанда дипломатиялык миссиянын башталышы менен куттуктап, анын бул жогорку кызматтагы ишмердүүлүгү кыргыз-француз мамилелеринин мындан ары да өнүгүшүнө өбөлгө болоруна ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров Франция менен кызматташуу Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу багыттардын бири экенин белгиледи. Азыркы учурда Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтык активдүү түрдө өнүгүп жатат. Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү жыл сайын өсүп, гидроэнергетика жана туризм тармактарындагы долбоорлор да ишке ашырылып жатат.

Президент бирге жүргүзүп жаткан иш аракеттер, долбоорлордун турмушка ашырылышы эки өлкө ортосундагы экономикалык кызматташтыкты мындан ары да чыңдоого өбөлгө болоруна ишеним билдирди.

Өз кезегинде элчи Николя Фай акыркы жылдары кыргыз-француз кызматташтыгынын активдешүүсүн канааттануу менен белгилеп, бул багыттагы ишти улантууга даяр экендигин айтты.

Николя Фай эки тараптуу кызматташтыкты илгерилеткен эки өлкөнүн лидерлеринин байланыштарына көңүл бурду.

Ошону менен бирге элчи Николя Фай соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, туризм жаатында жана башка артыкчылыктуу багыттарда эки тараптуу кызматташтыкты арттырууга даярдыгын белгиледи.

Сүйлөшүүнүн аягында президент Садыр Жапаров Франциянын элчиси Николя Файга дипломатиялык миссиясында ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий