• 84.36
  • 92.94
  • 0.92

Садыр Жапаров Франциянын элчисин миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 20.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-августта Франциянын элчиси Франсуа Делаусту анын Кыргызстандагы дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу кабыл алды.

Кабыл алуунун жүрүшүндө Садыр Жапаров Франсуа Делаусту миссиясынын ийгиликтүү аякташы менен куттуктап, анын өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу мамилелердин өнүгүшүнө кошкон олуттуу салымын белгиледи.

Мамлекет башчысы Элчи Франсуа Делаустун миссиясынын алкагында Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алакалар жаңы деңгээлге көтөрүлгөнүн айтты.

Садыр Жапаров француз тарапты Олимпиада оюндарын ийгиликтүү өткөрүп алганы менен куттуктап, Париж Олимпиадасы кыргыз эли, кыргыз мамлекети үчүн тарыхый иш-чара болгонун, себеби кыргыз спортчулары жакшы жыйынтык көрсөтүшкөнүн белгиледи.

Президент экономикалык кызматташууну мындан ары да кеңейтүүгө гидроэнергетика жана туризм тармактарындагы долбоорлорго француз инвесторлорунун катышуусу маанилүү экенине токтоло кетти.

Мамлекет башчысы элчиге билим берүү тармагында биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүгө жана кыргыз студенттердин Францияда билим алуусуна шарт түзүп берүүгө көмөктөшкөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Президент ошондой эле француз тилинин Кыргызстанда жайылтылышына жана маданий алмашуу программаларына колдоо көрсөткөндүгү үчүн рахматын айтты.

Садыр Жапаров мындан ары да Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы эки тараптуу мамилелер өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө динамикалуу өнүгө берет, деген ишенимин айтты.

Элчи Франсуа Делаус президент Садыр Жапаровго дипломатиялык миссиясы маалында жылуу кабыл алгандыгы жана жемиштүү кызматташуусу үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эки өлкө ортосундагы мамилелердин мындан ары бекемделишинин чоң келечеги бар экенин айтты.

Франсуа Делаус президент айткан тармактарда ишти улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, ошондой эле Кыргызстан менен Франциянын ортосундагы достук мамилелер жалаң бекемделе берерине ишенимин билдирди.

Жолугушууну жыйынтыктап жатып, президент Садыр Жапаров Франсуа Делауска жеке өзүнүн жана кыргыз элинин атынан Франциянын Кыргызстандагы элчиси катары көрсөткөн иши үчүн терең ыраазычылык билдирип, мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий