Бишкек, 20.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Магдебургдагы трагедияга байланыштуу Германиянын федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайерге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.
“2024-жылдын 20-декабрында Магдебург шаарындагы Рождество базарында автоунаанын сүзүшүнөн улам адамдардын курмандыгына жана жаракат алышына алып келген кырсык тууралуу маалыматты терең кайгыруу менен кабыл алдым.
Бул кырсыкта курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам, ал эми жабыр тарткандардын бат сакайып кетишине тилектешмин”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий