Садыр Жапаров Игорь Чудиновду кызматка дайындоо буйругун жокко чыгарды – Алагөзов

Президент 0

Бишкек, 14.05.24. /Кабар/. Игорь Чудиновду "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйрук жокко чыгарылды. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов билдирди.

Анын маалыматына караганда, президент Садыр Жапаров КР Конституциясынын 89-беренесинин 3-пунктуна ылайык, энергетика министри Таалайбек Ибраевдин Игорь Чудиновду "Курулуп жаткан электр станциялар" ААК дирекциясынын башкы директору кызматына дайындоо тууралуу буйругун жокко чыгарды.

"Ошону менен бирге энергетика министрине аталган чечимди кабыл алууда мамлекет башчысына тийиштүү маалымат бербегендиги үчүн эскертүү берилди", - деп жазды катчы.

Энергетика министринин башка буйругу менен аталган ишкананын башкы адиси Равшанбек Касымов "Курулуп жаткан электр станциялар" ААК дирекциясынын башкы директорунун милдетин аткаруучу болуп дайындалды.

Эскерте кетсек, буга чейин Игорь Чудиновдун "Курулуп жаткан электр станциялар" дирекциясына башкы директор болуп дайындалганы тууралуу маалыматты бир катар ЖМКлар жазып чыккан. Ошондой эле бул маалыматты "Кабар" агенттигине Энергетика министрлигинен тастыкташкан.

Пикир

Оставить комментарий