Садыр Жапаров Индиянын премьери Модини парламенттик шайлоодо жеңишке жетиши менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Индиянын премьер-министри Нарендра Модиге өлкөдө өткөн жалпы парламенттик шайлоодо анын альянсынын жеңиши менен куттуктоо жолдоду.

«Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан жалпы парламенттик шайлоодогу Улуттук демократиялык альянстын жеңиши менен чын дилимден куттуктайм.
Бул жетишкендик Сиздин лидерлик сапаттарыңыздын, Индия элинин Сизге болгон ишениминин жана Сиздин жетекчилигиңиз менен Индиянын дүйнөдөгү ээлеген ордунун жогорулашынын далили.Ошону менен бирге биздин өлкөлөрүбүз саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө активдүү диалогду, эл аралык уюмдардын алкагында тыгыз кызматташууну тереңдетүүгө жетишти», - деп айтылат куттуктоо билдирүүсүндө.

Президент Садыр Жапаров Нарендра Модиге чың ден соолук жана мамлекеттик ишине ийгиликтерди, ал эми Индия элине тынчтык жана өнүгүү каалады.

Пикир

Оставить комментарий