Садыр Жапаров Индиянын премьерине адамдардын курман болгондугуна байланыштуу көңүл айтты

Президент 0

Бишкек, 04.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында болгон кайгылуу окуяга байланыштуу Индиянын Премьер-министри Нарендра Модиге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Индия Республикасынын Уттар-Прадеш штатында орун алган трагедиялуу окуянын кесепетинен көптөгөн адамдар каза болду деген суук кабарды кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм”, - деп айтылат телеграммада.

Пикир

Оставить комментарий