• 87.86
  • 93.94
  • 1

Садыр Жапаров иш сапары менен БАЭге жөнөп кетти — коштоп кеткендер

Президент 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн иш сапары менен Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) жөнөп кетти.

Сапардын алкагында мамлекет башчысы Дубай шаарында өтө турган БУУнун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык Конвенциясынын Тараптарынын 28-конференциясынын жогорку деңгээлдеги Сегментине катышат.

Кыргызстандын расмий делегациясынын курамындагылар:

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
— Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
— Кыргызстандын Бириккен Араб Эмираттарындагы элчиси Абдилатиф Жумабаев;
— жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөлдөө министри Мелис Тургунбаев;
— энергетика министри Таалайбек Ибраев;
— финансы министри Алмаз Бакетаев;
— экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев;
— Президентке караштуу Инвестициялар боюнча Улуттук агенттиктин директору Талантбек Иманов.

Пикир

Оставить комментарий