• 88.36
  • 95.26
  • 0.96

Жалал-Абад шаарында соцмекемелердин кышка карата даярдыгы текшерилди

Аймак 0

Бишкек, 30.11.23. /Кабар/. Жалал-Абад шаарында социалдык мекемелердин кышка карата даярдыгы текшерилди.

Муниципалитеттен билдиришкендей, бүгүн, 29-ноябрда тиешелүү адистерден түзүлгөн комиссия курамы шаардагы мектептердин, бала-бакчалардын жана үй-бүлөлүк дарыгерлер топторунун жылуулугун, кышка карата даярдыгын, өрт коопсуздугун жана санитардык абалын текшерди.

Кыдыруу учурунда комиссия мүчөлөрү мекемелерде одоно кемчилдиктер байкалбаганын белгилешти. Ал эми айрым кемчилдиктери боюнча адистер жеринде эскертүүлөрдү беришти.

Алдыда мындай текшерүү улантылат.

Пикир

Оставить комментарий