• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат

Президент 0

Бишкек, 01.06.22. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров 1-2-июнь күндөрү иш сапары менен Ысык-Көл облусуна барат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчысы билим берүү жана башка объектилердин абалы менен таанышат.

Президент Садыр Жапаров ошондой эле реконструкциядан өткөн Чолпон-Ата шаарындагы «Алтын балалык» ден соолукту чыңдоочу-реабилитациялык комплексин ачат.

Комплекстин ачылышы УТРК жана республикалык телеканалдар аркылуу түз көрсөтүлөт.

Эфир болжол менен саат 14:00дө башталат.

Пикир

Оставить комментарий