• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Хивадагы килем чыгаруучу ишкананын иши менен таанышты

Президент 0

Бишкек, 19.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 19-июлда Өзбекстанга жасаган мамлекеттик сапарынын алкагында Хива шаарындагы килем чыгаруучу ири ишкананын иши менен таанышты.

1973-жылы негизделген «Хива гиламлари» комбинаты 2020-жылы толугу менен реконструкцияланып, модернизацияланган. Баасы 24 млн доллар болгон ишкана жыл сайын 4,2 млн чарчы метр килем жана килем буюмдарын чыгарып, алар АКШ, Кытай жана КМШ өлкөлөрүнө экспорттолот.

Комбинатта Германия, Бельгия, Австрия, Швейцария, Италия, Франция жана Түркиядан келген заманбап жабдуулар орнотулган. 750 адам иш менен камсыз болгон.

Кыргызстан жана Өзбекстандын президенттери Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев өндүрүш процесси менен таанышып, комбинаттын аймагында даяр килемдердин «шоу-румун» кыдырып чыгышты.

Ал жакка барганында мамлекет башчылары бул багытта тажрыйба алмашуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Пикир

Оставить комментарий