• 87
  • 90.41
  • 0.84

Садыр Жапаров өкмөт аппаратынын бөлүм башчылары менен жыйын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.10.20. /Кабар/. Кыргызстандын премьер-министри Садыр Жапаров өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Садыр Жапаров өлкө чоң саясий жана эконимакалык реформалардын алдында турганын белгиледи.

«Өлкөнүн мындан ары өнүгүшү үчүн туруктуулукту сактоо маанилүү. Бардык мамлекеттик органдар штаттык режимде иштеши зарыл. Биздин алдыбызда мамлекеттик башкаруу тутумун оптималдаштыруу жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтуу, экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү жана бизнести колдоо боюнча милдеттер турат. Бул багыттагы иш-чаралар кыска убакыттын аралыгында аткарылууга тийиш», - деди ал.

Жыйындын соңунда өкмөттүн аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрүнө бир катар тапшырмалар берилди. Алар:

- күз-кыш мезгилинен туруктуу өтүүнү камсыздоо;

- коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү боюнча чараларды кабыл алуу;

- бизнес-коомчулук өкүлдөрү менен жолугушууларды уюштуруу;

- донордук уюмдар менен жолугушуулрды өткөрүү;

- социалдык төлөмдөрдүн өз учурунда төлөнүп берилишин камсыздоо;

- салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу боюнча программаларды ишке ашыруу;

- коомдук жана азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо.

Пикир

Оставить комментарий