• 85.06
  • 93.51
  • 0.88

Садыр Жапаров КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү

Президент 0

Бишкек, 08.10.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-октябрда, Россиянын Москва шаарында өтүп жаткан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине (КМШ) катышуучу Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынынын тар форматында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчылары Шериктештиктин алкагында кызматташууну тереңдетүү маселелерин, регионалдык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу аспектилерин талкуулашты.

Садыр Жапаров шериктештиктин мейкиндигинде өнүгүүнүн натыйжалуулугунун негизги көрсөткүчтөрү болуп акыркы жылдары байкалган улуттук экономикалардын туруктуу өсүшү, социалдык-экономикалык кырдаалдын жакшырышы, ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттердин калкынын бакубаттуулугунун жогорулашы саналарын айтты.

Президент өз сөзүндө буга соода, экономикалык, инвестициялык, кооперациялык жана өз ара аракеттенүүнүн башка багыттарынын деңгээлинин кыйла жогорулашы, ошондой эле өлкөлөр ортосундагы туруктуу байланыштар жана бекемдиктин топтолгон көрөңгөсү өбөлгө түзгөнүн белгиледи.

Күн тартиби боюнча Садыр Жапаров Кыргызстан Шериктештикке кирген мамлекеттердин башчыларынын совет элинин 1941–1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согушта Жеңишинин 80 жылдыгына байланыштуу Шериктештикке кирген өлкөлөрдүн элдерине жана дүйнө коомчулугуна кайрылуусунун кабыл алынышын жана Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин “1941-1945-жылдардагы Эмгек даңкы шаары” ардактуу наамы жөнүндө жобонун бекитилишин колдой турганын билдирди. Президент кыргыз тарап Улуу Жеңиш эстутумун түбөлүккө калтыруу боюнча КМШ алкагында өтө турган бардык иш-чараларга активдүү катышаарын белгиледи.

“Кыргыз Республикасынын Шериктештиктин алкагында көп пландуу кызматташтыкты арттырууга, өз ара сооданы көбөйтүүгө, транспорттук-логистикалык каттамдарды өнүктүрүүгө жана өркүндөтүүгө, өнөр жай кооперациясында, айыл чарбасында, инфраструктурада жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду түзүүгө максаты бар. Биз ошондой эле азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу, ошондой эле жаңы алдыңкы технологияларга жана инновацияларга жетүү үчүн биргелешкен иштерди жүргүзүүгө кызыкдарбыз”, - деди мамлекет башчысы.

Президент КМШ мамлекеттеринин агроөнөр жай базасына таянуу менен агроөнөр жай комплексин өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурууну сунуш кылды, ал өзүн керектүү продукция менен камсыз кылууга жана импортту кыскартууга мүмкүндүк берет.

Энергетикалык коопсуздук маселелеринин актуалдуулугун баса белгилеп, Садыр Жапаров энергоресурстарды жана энергиянын кайра жаралуучу булактарын (ЭКБ) генерациялоону, товар алмашууну өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырды, бул региондун энергетикалык коопсуздугун бекемдейт жана көмүрсуутектерге көз карандылыкты азайтат. Ал ЭКБны пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн заманбап санариптик технологияларды киргизүү жана КМШ өлкөлөрүндө “акылдуу” тармактарды (smart grids) киргизүүнүн жалпы программасын иштеп чыгуу зарылдыгын айтып өттү, бул энергосистемаларды башкарууну жакшыртууга, ресурстарды бөлүштүрүүнү оптималдаштырууга жана жоготууларды минималдаштырууга мүмкүндүк берет.

Мамлекет башчысы эмгекчилердин кирүүсүнө болгон чектөөлөрдүн күчөтүлүшүнө тынчсыздануусун билдирип, эмгек миграциясы чөйрөсүндө кызматташууну активдештирүүгө чакырып, элдердин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, эмгекчилердин укуктарын толук форматтуу ишке ашырууга, КМШнын алкагында эмгекчилердин эркин жүрүүсүн камсыз кылууга багытталган өз ара алгылыктуу чечимдерди издөө боюнча жалпы ишти улантуунун зарылдыгын баса белгилеп өттү.

Сөзүнүн аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан КМШ алкагында кызматташууну жана өлкөлөр ортосундагы достук мамилелерди өнүктүрүүнү мындан ары да колдой тургандыгын айтып, жыйындын жыйынтыгы мындан аркы өз ара аракеттенүүгө негиз болот деген ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий