• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Садыр Жапаров укук коргоочулар, жарандык коомдун өкүлдөрү менен жолугушту

Президент 0

Бишкек, 30.04.22./Кабар/. Президент Садыр Жапаров бир катар укук коргоочулар, жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү менен жолугушуп, анда коомдогу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашты. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтуусуна караганда, анын ичинде жалпыга маалымдоо каражаттарынын, иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгү туурасында да сөз болду.

«Кошумчалай кетсем, президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн ар дайым кубаттайт. Алар мыйзамсыз иш-аракеттерди көрсөтүп, бийликке жардам берерин белгилейт. Ошол эле учурда, мамлекет башчысынын иликтөөчү журналисттер өз материалдарында бейтараптуулукту карманып, фактыларга таянышы керек деген өтүнүчүн билдиребиз.

Иликтөөчү журналисттер маалыматтарды тактап, текшериш үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууну сунуштайбыз. Эгер, тигил же бул орган маалымат бербей, ашыкча бюрократия кылса мага же президенттин администрациясына кайрылыңыздар. Биз так маалыматты алып беребиз.

Өз кезегинде, бардык иликтөөлөр ар тараптуу, объективдүү жана адилеттүү болушу керек деп дагы бир жолу кайталайбыз», - деди Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий