• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

30-апрелге карата Кыргызстанда күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.04.22. /Кабар/. Бүгүн, 30-апрелде, күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, Ысык-Көл облусунун тоолуу райондорунда кар жаашы ыктымал. Ысык-Көл облусунун дыйканчылык аймактарында жаан жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот.

Абанын температурасы Чүй, Талас облустарындан 23…28, Нарын жана Ысык-Көлдө 16…21 градус болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында абанын күндүзгү температурасы 26…31 градуска жетет.

Бишкекте күндүз 26…28 градуска чейин жылуу болот.

Пикир

Оставить комментарий