• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

КРда калкты таза суу менен камсыз кылуу программасына $769 млн сарпталат

Коом 0


Бишкек, 19.11.19. /Кабар/. Кыргызстанда айыл жергесиндеги калктын 65% таза суу менен камсыз болгон. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды суу тармактарын өнүктүрүү департаментинин директорунун м.а. Сайпидин Момунов билдирди.

Анын айтуусунда, өлкөдө калкты таза суу менен камсыз кылууну жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. "Артыкчылыктуу айылдардын тизмеси түзүлдү. 653 айылда таза ичүүчү сууга муктаждыгы бар. 2019-жылы 22 айылда суу тосмолорун курууга бюджеттен 350 млн сом каралган. Андан тышкары, калкты таза суу менен камсыз кылуу программасын каржылоо максатында донорлорду тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Акыркы үч жылда 101 айылга таза суу жеткирилди. Азыркы учурда 207 айылда таза суу менен камсыз кылуу системаларын куруу иштери жүрүп жатат", - деп билдирди Момунов.

Ал билдиргендей, өлкө жетекчилиги 2023-жылга чейин калкты таза суу менен камсыз кылуу боюнча өнүгүү программасын кабыл алган.

"Дүйнөлүк банк 71,2 млн доллар бөлөт, бул каражатка Ош жана Ысык-Көл облустарындагы 117 айылга таза суу менен камсыз кылуу системасы курулат; Ислам өнүктүрүү банкы 23 млн доллар - ага Жалал-Абад облусундагы 24 айылга таза суу менен камсыз кылуу системасы курулат; Сауд өнүктүрүү банкы 50 млн доллар бөлөт. Мамлекеттик бюджеттен 10 млн доллар бөлүнөт, бул каражаттарга Баткен, Талас облустарындагы 110 айылга таза суу менен камсыз кылуу системасы курулат. Андан тышкары, Азия өнүктүрүү банкы 31 айылда суу менен камсыз кылуу системасын курууга 32,9 млн доллар бөлөт", - деп маалымдады Момунов.

Пикир

Оставить комментарий