• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Садыр Жапаров Курманбек Бакиев тууралуу суроого жооп берди

Президент 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек берип жатып, Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиевди өлкөгө алып келүү аракети жүрүүдө деген айың кептерге жооп берди.

Садыр Жапаров мурдагы президенттер менен болгон жолугушуусунун максаты башка болгонун белгиледи.

“Көпчүлүк бул жолугушуу ушул максатты көздөгөнүн жазышууда. Эгер Бакиевди алып келе турган болсок, анда Дубайда эмес, Бишкекте эле чогултмакпыз да. Бакиевден башкасынын баары Бишкекке келе алат. Бакиевге соттун чечими бар. Ал келсе камакта олтуруш керек. Соттун чечимдерине баш ийишибиз керек”, - деди президент.

Пикир

Оставить комментарий