• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Талас мэриясына кайра иштетилген таштандыдан жасалган буюмдар тапшырылды

Аймак 0

Бишкек, 21.02.23. /Кабар/. Таласта “Эко Монтис” ишканасы кайра иштетилген таштандыдан жасалган буюмдарды шаардык мэрияга белек кылды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, Талас мэриясынын "Таза суу" муниципалдык ишканасына 50 даана пластикалык капкак (люк) тапшырылды. Ошондой эле 400 даана калак (совок), 300 даана кийим илгич Талас шаарындагы мекеме-ишканаларга, социалдык объектилерге таратылып берилмекчи.

Белгилей кетсек, "Альянс Алтын" өнүктүрүү фондусунун каржылоосу менен кайтарымдык негизде пайызсыз жалпы суммасы 6 млн сомго Таластагы таштанды таштоочу жайга “Эко Монтис” ЖЧК тарабынан таштанды сорттоочу жай курулууда

Пикир

Оставить комментарий