• 88.68
  • 95
  • 0.95

Садыр Жапаров Кыргызстан - Бангладеш оюнун көрүүгө келди

Президент 0

Бишкек, 07.09.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 7-сентябрда Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдешинин алкагында Бангладештин командасы менен оюн өткөрүүдө.

Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондогу беттешке президент Садыр Жапаров келип, оюнга күйөрмандык кылууда. Оюндун биринчи таймынын 10-мүнөтүндө Элдар Молдожунусов Кыргызстандын курамасына алгачкы голду алып келди.

Аталган достук турнир Кыргызстандын улуттук курамасынын Азия Кубогу-2023 чемпионатынын тандап алуу оюндарына болгон даярдыктын алкагында өтүүдө.

Белгилей кетсек, 2-7-сентябрь күндөрү Бишкекте футбол боюнча Кыргызстан, Палестина, Бангладештин улуттук курамаларынын катышуусунда “Үч улуттун кубогу” эл аралык мелдеши жүрүүдө.

Буга чейин, 2-сентябрь күнү кыргыз футболчулары Палестинаны 1:0 эсебинде утуп алган. Ал эми Палестина Бангладештин командасын 2:0 эсебинде жеңген.

Пикир

Оставить комментарий