Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Мамлекеттик гимндин кабыл алынган күнү менен куттуктады

Президент 0

Бишкек, 18.12.23./Кабар/. Президент Садыр Жапаров, бүгүн кыргызстандыктарды өлкөнүн Мамлекеттик гимнинин кабыл алынган күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу калайык-калк!

Өлкөбүз эгемендикке ээ болгондон кийин мамлекет катары өзүнүн символдорун да кабыл алган. Көз карандысыз Кыргыз Республикасынын баш урааны болгон мамлекеттик гимнибиз 1992-жылдын 18-декабрында “легендарлуу парламент” тарабынан жактырылган. Белгилүү жазуучулар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев сөзүн жазып, атактуу композиторлор Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов музыкасын жазып, керемет мамлекеттик гимнибиз жаралган.

Ошондон тарта түндүгүнөн күн нуру чайыган кызыл туубуз, мамлекетибизге тиешелүү өзгөчөлүктөрү түшүрүлгөн гербибиз менен бирге кыргыз элинин басып өткөн жолундагы эрдиги, элдеринин достугу, ынтымагы, келечекке болгон ой-тилеги чагылдырылган гимнибиз өмүр сүрүп, өзүнүн вазыйпасын так аткарып келе жатат.

Кыргыз Республикасынын жаранымын деп санаган ар бир атуул бул мамлекеттик символдору менен сыймыктанарына бекем ишенем. Туубуз бийик желбиреп, гербибиз эн тамга болуп басылып турганын көргөндө, көкүрөктү кандайдыр бир жагымдуу сезим ээлейт, гимнибиз жаңырганда бул сезим ого бетер күчөп, Ата Мекенге болгон сүйүүң артат. Айрыкча, өлкө сыртынан ийгиликтерди жараткан спортчулар, өнөр адамдары мамлекеттик гимн жаңырганда сөз менен айтып бергис жүрөк толкуткан сезимдерге балкып, кубанычка бөлөнүшөт.

Мына ошондуктан мамлекеттик гимнибиздин ар бир сабында, ар бир сөзүндө камтылган ой абдан маанилүү! Себеби гимн жаңырганда, ар бирибиз рухий жактан азыктанып, демибизге дем, күчүбүзгө күч кошулат. Эң башкы байлыгыбыз болгон Эгемендигибиздин маани-маңызы ачылат. Гимндин жаңырышы менен ата-бабалардын тарыхтагы басып өткөн жолу көз алдыбызга элестеп, бабалар мурастаган эгемендикти кийинки урпактарга кемитпей тапшыруу убадасын берүүгө колуң өзүнөн өзү жүрөгүңө тартылат. Кыргыз Республикасынын гимни менен ар бир кыргыз жараны сыймыктанат!

Мамлекеттик маанилүү иш-чаралар, жыйындар, салтанаттар ар дайым ушул атрибуттар менен коштолуп өткөрүлгөнү да бекеринен эмес.

Мына ошондуктан, жумурай журтту – жалпы кыргызстандыктарды улуттун улуу символу болгон гимндин кабыл алынган күнү менен чын дилимден куттуктаймын.

Эгемендикти ыйык тутуп, Ата Мекенди ызааттоого, руханий баалуулуктарыбызды урматтоого үндөгөн гимнибиз кылымдар бою жаңыра берсин!”.

Пикир

Оставить комментарий