Садыр Жапаров Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына байланыштуу кайрылуу жасады

Президент 0

Бишкек, 06.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июнда, Пекин шаарында өткөн Кытай Эл Республикасынын, Кыргыз Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын Өкмөттөрүнүн ортосундагы Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууга кол коюу аземинин катышуучуларына видеокайрылуу жасады.

Мамлекет башчысынын куттуктоо сөзүндө төмөнкүдөй айтылат:

«Урматтуу аземдин катышуучулары,
Урматтуу кесиптештер, достор!

Сиздерди Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруунун башталышын белгилеген тарыхый окуя менен куттуктайм.

Бул долбоор “Бир алкак – бир жол” демилгесинин маанилүү бөлүгү болот. Темир жол Кытай менен Борбордук Азия өлкөлөрүн бириктирип, андан ары Европа жана Перс булуңундагы өлкөлөргө чейин ташуулардын жаңы каттамдарына жол ачарын белгилей кетүү керек. Бул биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык кызматташууга ар тараптан оң таасирин тийгизери шексиз.

Көп жылдык сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, биздин жалпы чечкиндүүлүгүбүздүн жана колдообуздун аркасында тараптар акыркы
2-3 жылда олуттуу прогресске жетише алды.

Менин 2023-жылдын май айында Кытай Эл Республикасына болгон мамлекеттик сапарымдын жүрүшүндө Кытай Эл Республикасынын Төрагасы урматтуу Си Цзиньпин мырза менен болгон жолугушуумда бул темир жолдун курулушун тез арада баштоо зарылдыгы жөнүндө принциптүү өз ара түшүнүшүүгө жетишилди. Жолугушуунун жыйынтыгы маанилүү болуп, бул долбоорду ишке ашырууну олуттуу илгерилетүүгө мүмкүндүк берди.

Алсак, үч тараптын биргелешкен аракети менен 2023-жылдын ортосунда долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси иштелип чыкты. Андан кийин биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик темир жол ишканалары тарабынан биргелешкен ишкана түзүү жолу менен долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишилди.

Үч өлкөнүн өкмөттөрү долбоорду ишке ашырууда колдоо көрсөтүүгө даяр.

Бул келишимдер бүгүн кол коюлуп жаткан өкмөттөр аралык макулдашуунун негизин түзөт. Долбоор Кыргыз Республикасынын, Кытай Эл Республикасынын жана Өзбекстан Республикасынын ортосундагы жаңы доордо баарын камтыган стратегиялык өнөктөштүктүн алкагында кызматташуунун символу болот. Евразия мейкиндигинде бул негизги континенталдык көпүрөнү түзүү биздин элдерге олуттуу пайда алып келет.

Жыйынтыктап айтканда, биздин өлкөлөрдүн мамлекеттик органдарынын жана ишканаларынын бардык тийиштүү кызматкерлерине аткарган иши жана жетишкен жыйынтыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Темир жолдун курулушун баштоодо ийгилик каалайм жана долбоор биздин өлкөлөрдүн жана элдердин өнүгүшү үчүн тез арада бүтүп, жаңы темир жол ишке киргизилет деп ишенем».

Пикир

Оставить комментарий