Садыр Жапаров Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алды

Президент 0

Бишкек,18.05.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-майда, Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик Кеңешинин вице-премьери Лю Гочжунду кабыл алды.

Соода-экономикалык, транспорттук-логистикалык, инвестициялык тармактарда өз ара кызыкчылык туудурган эки тараптуу кызматташууну тереңдетүү маселелери талкууланды.

Президент Садыр Жапаров мейманды тосуп алып, азыркы учурда Кыргызстандын Кытай менен мамилелери өз ара пайдалуу кызматташтыкты ырааттуу өнүктүрүү боюнча активдүү динамика менен мүнөздөлөрүн белгиледи.

Мамлекет башчысы Кытай Кыргызстандын негизги соода жана инвестициялык өнөктөштөрүнүн бири экенин баса белгиледи.

Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпиндин "Бир алкак – бир жол" демилгесин биринчилерден болуп колдогонун, аны иш жүзүндө ишке ашыруу Кыргызстандын аймагында биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн негизги булак жана импульс катары каралып жатканын эске салды.

Ал белгилегендей, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолунун курулушу эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык өз ара аракеттешүүнү сапаттык жаңы деңгээлге көтөрө турган эң ири транспорттук долбоор болуп калышы керек.

Президент бул долбоор Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы соода-экономикалык өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө өбөлгө түзөрүн, ошондой эле экономиканын башка тармактарын өнүктүрүүгө мультипликативдик таасирин тийгизерин белгиледи.

Тараптар долбоорду ишке ашыруунун механизми жөнүндө жалпы түшүнүккө жетишишти, темир жолду куруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө өкмөттөр аралык үч тараптуу макулдашууну даярдоо боюнча биргелешкен иш аяктады.

Буга байланыштуу Мамлекет башчысы долбоорду ишке ашыруу жакын арада башталаарына ишеним билдирди.

Өз кезегинде Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин пице-премьери Лю Гочжун жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолдогон жакшы каалоо-тилектерин жана саламын айтты.

Лю Гочжун эки өлкөнүн Мамлекет башчылары тарабынан ынак коңшулук, достук жана биргелешкен гүлдөп-өнүгүү духунда белгиленген мамилелердин алкагында Кытай тарап эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү тереңдетүүгө көмөктөшүүгө жана кызматташтыкты практикалык мазмун менен толтурууга даяр экендигин баса белгиледи.

Ал белгилегендей, өткөн жылы өлкөлөр ортосундагы соода көлөмү дээрлик 20 миллиард долларды түзүп, тарыхый көрсөткүчкө жеткен.

Мындан ары да Кытай ири кытай ишканаларын Кыргызстандын экономикасына инвестиция салууга үндөй турганын Мамлекеттик Кеңештин Вице-премьери билдирди.

Ири инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө айтып жатып, Лю Гочжун Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин темир жолду куруу долбоорун макулдашуу маселелерин активдештирүүгө чакыргандыгын белгиледи, анткени бул маселе боюнча сүйлөшүүлөр 20 жылдан бери жүрүп, практикалык ишке ашыруу мезгили келип жетти.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-кытай чек арасында кошумча өткөрүү пункттарын ачуу, авиакаттамдарды жакшыртуу, ошондой эле биргелешкен инвестициялык фонд түзүү маселелери боюнча пикир алмашуу болду.

Пикир

Оставить комментарий