Садыр Жапаров Мальтанын тышкы иштер министри, ЕККУнун төрагасы Иан Борчту кабыл алды

Президент 0

Бишкек, 27.06.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 27-июнда Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Иан Борчту кабыл алды.

Жолугушууда ЕККУнун алкагындагы өз ара аракеттенүү маселелери, анын ичинде аймактык кызматташтык, кылмыштуулук менен күрөшүү, чек ара кызматынын, укук коргоо органдарынын потенциалын ишке ашыруу, Кыргызстандын аймактарында ишкерликти колдоо, электрондук сооданы өнүктүрүү жана башкалар талкууланды.

Мамлекет башчысы Иан Борчтун иш сапары Кыргызстан менен ЕККУнун ортосундагы кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кошумча дем берерине ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров ЕККУга өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсү, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коопсуздукту камсыздоо жаатында көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, ЕККУ менен активдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга даяр экенин билдирди.

Президент климаттын өзгөрүү процесстерине байланыштуу өлкөнүн экономикалык саясатынын негизги приоритеттеринин бири болуп “жашыл экономиканы” илгерилетүү, экологиялык таза технологияларды жайылтуу болуп саналаарын жана ушуга байланыштуу Кыргызстан жашыл демилгелерди илгерилетүү үчүн эл аралык өнөктөштөр менен кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Өз кезегинде ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы иштер, европалык иштер жана соода министри Иан Борч президент Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы жана меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Ал ЕККУнун компетенциясынын чегинде колдоо көрсөтүүнү улантууга даяр экенин ырастады.

Баарлашуунун жүрүшүндө Иан Борч мамлекет башчысына Уюмдун артыкчылыктуу багыттарынын алкагында ЕККУнун учурдагы ишмердүүлүгү, ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин, ЕККУнун Бишкектеги Академиясынын ишинин актуалдуу аспектилери, Уюмдун алкагында кызматташуу, анын ичинде тоо тематикасын жана климаттын өзгөрүшүн илгерилетүү жаатында Кыргызстандын демилгелерин колдоо тууралуу айтып берди.

Соңунда президент Садыр Жапаров ЕККУнун учурдагы төрагасы, Мальтанын тышкы, европалык иштер жана соода министри Иан Борчго Мальтанын ЕККУдагы төрагалыгынын ийгиликтүү өтүүсүн каалады.

Пикир

Оставить комментарий