• 88.68
  • 95
  • 0.95

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн соттору менен жолугушууда

Президент 0

Бишкек, 05.03.21. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун өлкөнүн соттору менен жолугушуусу башталды.

Мамлекет башчы менен жолугушууга Ала-Арча мамлекеттик резиденциясына өлкөнүн бардык аймактарынан соттор келишти.

Эскерте кетсек, бүгүн Кыргызстанда Сот системасынын кызматкерлери кесиптик майрамын белгилөөдө.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө катышуучуларды Ак калпак күнү менен куттуктады. Ал сот тутумунун кызматкерлеринин кесиптик майрамы Ак калпак күнү менен бир күндө майрамдалуусу символикалуу көрүнүш экенин белгиледи. Анткени, эркектердин улуттук баш кийими тазалыктын белгиси катары сыпатталат.

Иш-чарада Жогорку соттун төрайымынын орун басары Нургүл Бакирова дагы сөз сүйлөдү.

Пикир

Оставить комментарий