• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен Өзбекстанга келди

Президент 0


Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда, мамлекеттик сапар менен Өзбекстандын Ташкент шаарына келди.

Мамлекет башчынын борту Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропортко конду.

Аэропортто килем төшөлүп, Ардак кароол тизилди. Президент Садыр Жапаровду Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев тосуп алды.

Мамлекеттик сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр өтөт, бир катар эки тараптуу документтерге кол коюу, ошондой эле башка расмий иш-чаралардын өтүшү күтүлүүдө.

Президент Садыр Жапаровдун мамлекеттик сапарынын иш-чаралары Ташкент жана Хива шаарларында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий