• 87
  • 90.43
  • 0.88

Садыр Жапаров министрлер кабинетинин бир катар мүчөлөрүнө сөгүш жарыялады

Президент 0

Бишкек, 25.11.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:

– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго;
– Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;
– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;
– билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;
– президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;
– президенттин администрациясынын жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбековго сөгүш берилди.

Пикир

Оставить комментарий