• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Садыр Жапаров Нью-Йорктун мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү

Президент 0

Бишкек, 21.09.23. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарынын мэри Эрик Адамс менен бейформал жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Анын маалыматына караганда, мамлекет башчысы менен Нью-Йорктун мэри өз ара байланыштарды, анын ичинде эки өлкөнүн шаарларынын ортосундагы байланыштарды өнүктүрүүнү талкуулашкан.

"Ошондой эле алар тараптардын ишкер чөйрөлөрүнүн ортосундагы байланыштарды чыңдоо мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алмашты", - деп кошумчалады Эрбол Султанбаев.

Пикир

Оставить комментарий