• 84.67
  • 94.17
  • 0.93

Садыр Жапаров: Париж Олимпиадасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылды

Президент 0

Бишкек, 13.08.24. /Кабар/. “Көз алдыбызда Париж Олимпиадасында кыргыз спортчуларынын көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда”, - деп президент Садыр Жапаров Парижде өткөн 33-жайкы Олимпиада оюндарына катышып келген Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын мүчөлөрүн сыйлоо салтанаттуу аземинде билдирди.

Мамлекет башчысынын сүйлөгөн сөзү:

“Урматтуу мекендештер!

Кадырлуу машыктыруучулар жана спортчуларыбызды акырына чейин сүрөгөн күйөрмандар!

Олимпиадалык курама команданын урматтуу мүчөлөрү - кымбаттуу спортчулар!

Сиздерди Париждеги 33-Жайкы Олимпиада оюндарына ийгиликтүү катышып, Эгемен Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу алты медаль утуп, Ата Мекенибизге олжолуу келишиңиздер менен чын жүрөктөн куттуктаймын!

Өзүңүздөр билгендей, Кыргыз спортунун кышын кынап, пайдубалын түптөгөн, кыргыз элине эбегейсиз сыймык тартуулаган, аттары тарыхта алтын тамгалар менен жазылган улуу инсандарыбыз бар.

Бүгүн мына ошол аталар баштаган жол уланып, көз алдыбызда Париж Олимпиадасында кыргыз спортчуларынын көрсөткөн ийгиликтери менен жетишкендиктеринин аркасында кыргыз спортунун жаңы тарыхы жазылууда.
Бул жолку Олимпиада оюндары Кыргызстандын тарыхындагы эң ийгиликтүүсү, жемиштүүсү болуп калды десем жаңылышпайм.

Париж Олимпиадасына дүйнөнүн 206 өлкөсүнөн 10 000ден ашуун спортчу катышты. Кыргызстан 16 спортчусу менен 206 өлкөнүн ичинен медалдык эсеп боюнча 68-орунду ээледи. Ал эми Олимпиада оюндарына Азия чөлкөмүнөн катышкан 44 өлкөнүн ичинен биздин өлкө 15-орунду камсыздады. Катышкан 16 спортчубуздун алтоосу байге менен кайтып келип, барган спортчулар менен жеңген медалдарынын катышы боюнча биздин өлкө 206 мамлекеттин сап башында турду.

Караңыздарчы, бул эмне деген көрсөткүч, бул эмне деген сыймык!

Мына ошондуктан миллиондогон күйөрмандардын атынан, жалпы кыргызстандыктардын атынан баарыңыздарга ыраазычылык билдирем.
Силер жараткан ийгиликтер – элиңердин төбөсүн көккө жеткире кубантып, ажайып сезимдерге бөлөп, Мекенге болгон сүйүүсүн арттырып, улут биримдигин чыңдоого өзгөчө жетишкендик болду!

Кыргызстан бул ийгиликке жетүү үчүн социалдык өнүгүүнүн артыкчылыктарынын бири катары улуттун саламаттыгы менен адеп-ахлагына терең маани берип, дене тарбия жана спортко өзгөчө мамиле жасоо саясаты аркылуу ишке ашырууда.

Урматтуу мекендештер!

Бул Олимп оюндарынын жыйынтыгы боюнча биздин баатыр балбандарыбыз: Айсулуу, Акжол, Мээрим тарых жаратып, эки ирет удаасы менен Олимп оюндарынын байге ээлери болушту. Аты аталган балбандар, силер баардыгыбызды кубанычка, сыймыкка бөлөдүңөр десем жаңылышпайм. Өзгөчө Айсулуу алтын кызыбыздын жаракатына карабастан, коло байгеси үчүн күрөшү баарыбыздын эсибизде калды десем жаңылышпайм.
Силердин ар бир медалыңар, ар бир жеңишиңер - биз үчүн алтын! Силердин өзүңөр биз үчүн алтынсыңар. Жалпы Кыргызстан эли силер менен сыймыктанат!
Ал эми бизди эле эмес, бүт бокс дүйнөсүн таң калтырган Мунарбек өзгөчө алкышка, өзгөчө мактоолорго арзыйт.

Олимп оюндарына биринчи жолу катышып жатса дагы, Мунарбек өзүнүн токтоолугу, жөнөкөйлүгү, салкын кандуулугу, ошондой эле өзгөчө техникасы менен айырмаланып, атаандаштарын биринин артынан бирин жеңип келди. Мунарбектин жеңиши Кыргыз боксунун тарыхында Олимпиада оюндарынын алгачкы медалы болуп калды. Буга чейин Мунарбек Дүйнө чемпионатынын байге ээси болсо, эми Олимпиада оюндарында бокс боюнча алгачкы медалды жеңип, дагы бир жолу кыргыз боксунун тарыхын жаңылады.

Ал эми күрөш өнөрүнүн эң мыкты ыкмаларын көрсөтүп, чеберчилиги менен көпчүлүктү суктандырган Жоломанды жана тажрыйбалуу Үзүрдү өзгөчө белгилегим келет! Булар бүйүр кызыткан күрөш тартуулап, Олимпиада оюндарында өзүнүн медаль эсептерин ачышты.

Амантур, Айпери, Бекзат балбандарыбызга бул ирет ийгилик жылмайбай, медаль алууга бир кадам жетпей калышты. Силер буга эч капа болбогула, силердин келечегиңер алдыда. Менимче, биздин жаш спортчуларыбыз үчүн дүйнөнүн алдыңкы 5 спортчусунун катарына кирүү дагы чоң жетишкендик.
Ушундай эле медаль утууга бир кадам жетпей калган, биздин эң тажрыйбалуу балбаныбыз Айаал жөнүндө дагы бир-эки сөз айта кетейин. Айаал 3 ирет Олимпиада оюндарында Кыргызстандын намысын катары менен коргоп келди. Азия биринчилигин жеңди, байге ээси болду. Эми минтип Париж Олимпиадасында өзүнүн жогорку жетишкендиктеги спорттук карьерасын аяктап жатат. Айаал эми өзүнүн мол тажрыйбасын өсүп келе жаткан жаш спортчулар менен бөлүшүп, келечектеги чемпиондорду тарбиялайт деп ишенем.

Мындан сырткары суучул уулубуз Денистин деңгээли жылдан жылга өсүп, кыргыз спортчусу тарыхта биринчи жолу сууда сүзүү боюнча 200 метрлик дистанцияда Олимпиаданын жарым финалына катышты.

Бул жарым финалда Денис Орто Азия чөлкөмүндөгү өлкөлөрдүн арасынан катышкан жападан жалгыз спортчу болуп калды. Бул дагы биз үчүн өтө кубанычтуу.
Ошондой эле спортчу кызыбыз Елизавета 50 метрлик сүзүү дистанциясында өзүнүн тайпасында биринчи келип бир кубандырса, бул аралыкта Кыргызстандын рекордун жаңылап, экинчи ирет кубантты. Дээрлик 80 спортчунун арасынан 30-орунду алуу бул дагы оңой эмес.

Дзюдочуларыбыз Эрлан, Кубаныч жана балбан уулубуз Эрназар Олимпиада оюндарында тырышчаактыгы, берилгендиги менен элдин эсинде калышты. Булардын келечеги дагы алдыда. Эң негизгиси, бул оюндардан алар баа жеткис тажрыйба алышты деп ишенем.

Олимпиаданын канышасы аталган жеңил атлетика боюнча Кыргызстандын намысын жападан жалгыз коргогон Сардана кызыбызга дагы ыраазычылык билдирем. Марафон, өзүңүздөр билгендей, эмне деген даярдыкты, эмне деген чыдамкайлыкты талап кылат. Ошол кыйынчылыктардын баарын басып, 42 километр аралыкты чуркап өтүп, 90дон ашык марафончунун ичинен 14-болуп келишинин өзү эле баатырдык. Ошондой эле Сардана кызыбыз бул көрсөткүч менен Улуттук рекордубузду дагы жаңылады.

Бүгүнкү иш-чаранын урматтуу катышуучулары!

Азыр биз эл аралык спорт майданында мамлекетибиздин намысын татыктуу коргоп, эң жогорку чеберчилик көрсөткөн каармандарыбызды, баатырларыбызды - Олимпиадалык курама команданын мүчөлөрүн салтанаттуу тосуп, аларга ыраазычылыгыбызды билдирип, жалпы элибиздин кубанычын тең бөлүшөлү деп чогулуп отурабыз.

Дегеле Кыргызстандын намысын коргой турган бардык мелдештер өтө маанилүү жана өтө жоопкерчиликтүү. Ал эми Олимпиада оюндары – бул жөн эле эл аралык мелдеш эмес. Бул жерде мамлекеттер дүйнөдөгү алдынкы спорттук держава наамын алыш үчүн ат салышат. Билгенге, түшүнгөнгө бул оюндарда өз өлкөсүн татыктуу көрсөтүп, лидерлердин катарына кирүү - бул улуттук кадыр-барк, улуттук ар-намыс!

Ошондуктан силер тагылган милдетти так аткарып, Кыргызстанда спорттук салт-санаалар бекем экенин, өлкөбүздө дагы деле дүйнөнү таң калтыра турган уул-кыздар бар экенин, кыргыз спорту зор потенциалга ээ экенин, күйөрмандарга болуп көрбөгөндөй кубаныч тартуулай турган, миллиондогон жарандардын жүрөгүнөн түнөк таба турган күчтүү спортчулар бар экенин далилдедиңер.

Бул Париж Олимпиадасында силерди кары дебей, жаш дебей жалпы кыргызстандыктар кош колдоп, бир дем менен колдоп жатышты.
Мен да силердин ар бир таймашыңарды үй-бүлөм менен калтырбай көрүп, колдоп-коштоп турдум.

Силер өлкөбүздүн намысы үчүн мыкты күрөштүңөр. Олимпиадалык килемге, татамиге, рингге, жолго чыккан ар бириңер менен сыймыктанабыз.

Колдоо демекчи, Париж Олимпиадасында тарыхы бир, тамыры бир, тили менен дили орток кыргыз, казак, өзбек күйөрмандарынын өз ара ынтымагы дүйнө жүзүнө даңазалангандыгын айтпай кетүүгө болбойт. Спортчуларыбыздын чет жерде бири-бирине ылым санашып, тууган сезишип, жеңиш сезимдерин бөлүшүп, көкүрөк тийгизип, кучакташкан көз ирмемдери үч элдин эзелтен берки келаткан достук, тууганчылык, жакын коңшулук мамилесин ого бетер арттыргандыгы болду. Кыргыз, казак, өзбек элинин ынтымагы мындан ары да чыңдала берсин, ылайым.

Урматтуу мекендештер!

Бул ийгиликтердин артында спортчуларыбызды тарбиялоого өмүрүн арнаган машыктыруучулар жамааты турат.

Андыктан Кыргыз Республикасынын курама командасынын грек-рим күрөшү, кыз-келиндер күрөшү, бокс, дзюдо, сууда сүзүү жана жеңил атлетика боюнча чоң жоопкерчиликти алып, натыйжа чыгарам деген башкы, улук машыктыруучуларга жана спортчулар менен күн-түн тынбай иштеген жеке машыктыруучуларга, мына ушундай таланттуу спортчуларды калың элдин арасынан сууруп чыккан биринчи машыктыруучуларга терең ыраазычылык билдирем.
Сиздер өз ишиңиздердин чыныгы адистери гана эмес, шакирттердин эр мүнөзүн, духун калыптандырган көрөгөч устатсыздар.

Ошол эле учурда спортчуларыбыздын ата-энелеринин эмгегин да белгилебей коё албайм. Сиздердин балдарыңыздарга көргөн камыңыздар менен ишенимиңиздер — бүгүнкү багындырган бийиктиктердин пайдубалы болуп берди. Алардын биринчи күйөрмандары жана дем берүүчүлөрү, албетте, сиздерсиздер! Сиздердин мекенчилдикке үндөгөн тарбияңыздар алардын эркин бүлөп, кыйынчылыктарды жеңип, чоң максаттарга умтулууга үйрөтөт. Спортчуларыбызды өстүрүүгө жумшалган эмгегиңиздер бийик урмат-сыйга татыктуу. Ошондуктан сиздер Олимпиадалык курама команданын ажырагыс бөлүгүсүздөр.

Спортто ийгиликке жетүүнүн дагы бир туруктуу шериги - бул спортчулардын ден соолугуна кам көргөн медицина кызматкерлери. Сиздердин ар бир спортчуга болгон камкордугуңуздар чечүүчү мааниге ээ. Кылган мээнетиңиздер көп учурда байкалбай калат, бирок сиздерсиз көптөгөн жетишкендиктер жаралышы мүмкүн эмес. Ийгиликтерди багындыруу жолунда спортчуларыбыздын саламаттыгын камсыз кылганыңыздар үчүн чоң ыракмат айтам.

Бул жолку жетишкендиктерде спорттук мекемелердин жана Федерациялардын, Улуттук Олимпиадалык комитетинин кызматкерлеринин үлүшү бар. Биз сиздердин спортту өнүктүрүүдөгү ролуңуздарды жакшы түшүнөбүз жана спорттук уюмдарды колдоону мындан ары да күчөтөбүз.

Парижде өткөн Олимпиада оюндарын түз алып берүүнү камсыз кылган Улуттук телерадиоберүү корпорациясынын алгылыктуу иштерин да белгилей кетели. Алардын жардамы менен өлкөнүн булуң-бурчундагы кыргызстандыктар Олимп оюндарында спортчуларыбыздын таймаштары менен жеңиштерине жан үрөп күйөрмандык кылышты.

Эки аптанын ичинде Олимпиада оюндары кыргыз коомчулугунун ичиндеги талкуулардын негизги темасына айланды десем жаңылышпайм. Дыкат талдоо жүргүзүп, аналитикалык ой-пикирлерин жазгандар да болду, ачуу менен ашыра сындагандар да болду. Кандай болгон күндө дагы, коомчулукта айтылган сын-пикирлерден биз туура жыйынтык чыгарышыбыз керек.

Олимпиадалык курама команданын урматтуу мүчөлөрү!

Спорттогу ийгилик - бул талыкпас эмгек, мекенчилдиктин кайталангыс үлгүсү! Анткени силер багындырган жеңиштер менен канчалаган жаштардын жүрөгү толкуйт, “Кыргызстандын кызыл байрагын желбиретсем!” деген мекенчил сезимдери ойгонот. Кийинки жаш муундар өрнөк тутуп, силердей болгусу келгендердин катары арбыйт. Кыргыз спортун, Кыргызстанды дүйнөгө тааныта турган чемпиондордун чыгышына мына силер себепкер болосуңар!

Урматтуу агайын-туугандар!

Өлкөбүздүн намысын коргогон спортчу уул-кыздарыбыздын ийгиликтерине дагы далай жолу бирге кубанууну Жараткан насип кылсын!
Дүйнөлүк мелдештердеги жетишкендиктер - бул мамлекеттин мүмкүнчүлүктөрүнүн эң мыкты көрсөткүчү. XXI кылымда күчтүү жана дени сак улут гана атаандаштыкка туруштук бере алат. Андыктан атаандаштыкка умтулган, дени сак улутубуздун чыңдалышына салым кошкон спортчуларыбызга жана аларга дем-күч берген тараптардын баарына дагы бир жолу ыраазычылык билдирем.

Ал эми жеңүүчүлөрүбүзгө болсо чемпиондук наамды өмүр бою кадыр-барк менен татыктуу алып жүрүүнү, ошол эле маалда жөнөкөй, мээнеткеч, кичи пейил, намыска бек атуул бойдон калууну каалайм.

Мамлекет мындан ары дагы спортту, спортчуларыбызды колдоону, аларга керектүү шарттарды түзүүнү уланта берет.

Бизди алдыда, 2028-жылы Американын Лос-Анжелес шаарында өтө турган Олимп оюндары күтөт. Кийинки Олимпиадага азыртан кам көрүп, кетирген кемчиликтерибизди жакшылап изилдеп чыгып, татыктуу даярданалы, спорттогу тарыхыбызды кайрадан алтын тамгалар менен жазууга багыт алалы, жол чабалы.

Кыргыз спортунун келечеги, кийинки муун үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп, жаштарыбызды жаңы бийиктиктерди багындырууга шыктандыралы.

Кыргызстандын 33-жайкы Олимпиада оюндарындагы жеңиштери баарыбызга кут болсун!

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыракмат!”.

Пикир

Оставить комментарий