• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Парижде Олимпиада оюндарынын ачылышына катышты

Президент 0


Бишкек, 27.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-июлда Франциянын Париж шаарында XXXIII Жайкы Олимпиада оюндарынын расмий ачылыш аземине катышты.

Мамлекет башчысын жана Биринчи айым Айгүл Жапарованы Елисей сарайында Франциянын президенти Эмманюэль Макрон менен биринчи айым Брижит Макрон тосуп алды.

Олимпиада оюндарынын ачылыш аземи Сена дарыясында өттү. Париждин белгилүү жерлеринин жанынан 85 өлкөнүн делегациясы кайыктар менен сүзүп өтүштү.

Кыргызстандын Мамлекеттик желегин дзюдочу Эрлан Шеров көтөрүп өттү.

Салтанатка келген конокторго – чет өлкөлөрдүн лидерлери, чет өлкөлүк делегациялардын өкүлдөрү жана эл аралык уюмдардын башчыларына Франциянын маданиятын чагылдырган көркөм өнөр тартуулашты.

Улуттук курама командада 16 спортчу бар, алар спорттун беш түрүндө – күрөш, дзюдо, сууда сүзүү, жеңил атлетика жана бокс боюнча катышат.

Оюндардын ачылышына 205 өлкөдөн 10 миңге жакын спортчу, ошондой эле жүздөн ашык мамлекет башчылары жана өкмөт мүчөлөрү катышты.

Пикир

Оставить комментарий