• 84.7
  • 93.39
  • 0.89

Садыр Жапаров Түрк мамлекеттер уюмунун бейформал саммитине катышты

Президент 0

Бишкек, 06.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-июлда, Азербайжандын Шуша шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун катышуучу-өлкөлөрүнүн башчыларынын бейформал саммитине катышты.

Президент Садыр Жапаров өз сөзүндө эгерде климаттык өзгөрүүлөргө каршы иш-чаралар көрүлбөсө, климаттын өзгөрүшүнүн глобалдык божомолдору олуттуу жана кайтарылгыс натыйжаларга алып келерин баса белгиледи.

Мамлекет башчысы Азербайжандын КОП29га төрагалыгы 2024-жылдын ноябрына пландаштырылган Конференциясынын күн тартибинде турган маселелерди алдыга жылдыра алат деген ишенимин билдирди.

Садыр Жапаров ТМУнун жарандык коргонуу механизмин түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюунун маанилүүлүгүн белгилеп, буга Кыргызстан мөңгүлөрдүн интенсивдүү эришине жана мөңгүлөрдүн аянтынын кыскарышына, кургакчылык жана суунун тартыш мезгилинин кескин көбөйүшүнө, ошондой эле жер көчкү, сел, кар көчкү ж.б. сыяктуу глобалдык жылуулук кесепеттерин кескин сезип жаткандыгын жүйө келтирди.

Мындан тышкары президент Кыргызстан тоо маселелерин активдүү колдоочу катары 20 жылдан ашык убакыттан бери тоо маселелерин глобалдык күн тартибине интеграциялоо боюнча активдүү иштеп жатканын маалымдады. “Тоолуу демилгелер”, анын ичинде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын “Тоолорду туруктуу өнүктүрүү” боюнча резолюциясы кеңири таанылып, эл аралык колдоого ээ болду.

Кыргыз тараптын демилгеси менен үстүбүздөгү жылдын 5-июнунда Бонн шаарында SB60 конференциясынын алкагында Тоолор жана климаттын өзгөрүүсү боюнча глобалдык Диалог өткөрүлгөн. Бул Диалогду бекемдөө максатында мамлекет башчысы аталган иш-чараны БУУнун Рамкалык конвенциясынын жылдык иш-чарасы катары өткөрүүнү сунуштады.

Садыр Жапаров суу ресурстарын натыйжалуу жана үнөмдүү пайдалануу боюнча өлкө үчүн актуалдуу маселелерди козгоду, аларды чечүү үчүн Кыргызстан 2023-жылы Бишкекте энергия жана ресурс үнөмдөөчү технологияларды киргизүү боюнча аймактык борборду түзүүнү демилгеледи жана Уюмдун мүчөлөрүн энергиянын кайра жаралуучу булактары боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга чакырды.

Президент өз сөзүндө өлкө үчүн маанилүү артыкчылык катары транспорт тармагындагы өз ара аракеттешүү саналарын баса белгиледи. Кыргыз тарап Борбор Азияны кесип өткөн транспорттук артерияларды мындан ары модернизациялоону жана жаңыларын курууну маанилүү деп эсептейт.

Ал өткөрүлүп жаткан саммит бүткүл аймактын экономикалык өсүшүнө өбөлгө түзүп, бекем өнөктөштүктүн негиздерин чыңдай турган конкреттүү иш-аракеттердин башталышына түрткү болоруна ишенимин билдирди.

Мамлекет башчысы азыркы учурда Уюмдун ичинде транспорттук өз ара аракеттешүү күч алып жатканын жана бажы процедураларында бирдиктүү санариптик платформаларды түзүү боюнча биргелешкен иштер жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

Бул өңүттө Садыр Жапаров ТМУга мүчө-мамлекеттеринин ортосундагы эл аралык аралаш ташуулар боюнча кол коюлган Макулдашууну жана Транспорт тармагындагы өз ара аракеттенүү программасын кубаттады.

Садыр Жапаров ошондой эле ТМУга катышуучу-өлкөлөрдүн транспорттук өз ара байланышын бекемдөө үчүн ТМУ өлкөлөрүн жаңы стратегиялык маанилүү транзиттик потенциалды жана жаңы ири сатуу рынокторун ача турган "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу өбөлгө болушу мүмкүн экенин баса белгиледи.

Жыйынтыгында президент Садыр Жапаров иш-чаранын катышуучуларын үстүбүздөгү жылдын октябрь айында Бишкекте өтө турган Түрк мамлекеттер уюмунун кезектеги саммитине чакырды.

Пикир

Оставить комментарий