Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта, Өзбекстанга мамлекеттик сапар менен келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.
Мамлекет башчысын Ислам Каримов атындагы «Ташкент» аэропортунда Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алды.
«Ташкент» эл аралык аэропортуна Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик туулары илинип, кызыл килем салынып, ардактуу кароол тизилген.
Президент Садыр Жапаров иш сапарынын алкагында Өзбекстан Президенти Шавкат Мирзиёев менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Ошону менен бирге иш сапардын жүрүшүндө Президент Садыр Жапаровдун Өзбекстандын Олий Мажлисинин Сенатынын Төрайымы Танзила Нарбаева, Олий Мажлистин Мыйзам чыгаруу палатасынын Төрагасы Нурдинжон Исмоилов жана Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Арипов менен эки тараптуу жолугушуулары пландаштырылууда.
Мындан тышкары, алдыдагы иш сапардын алкагында соода-экономикалык мамилелерди өнүктүрүү максатында кыргыз-өзбек бизнес форумун өткөрүү мерчемделген.
Пикир
Оставить комментарий