Евробиримдик Кыргызстанга COVID-19ду аныктоо үчүн топтомдорду берди

Ден соолук 0

Бишкек, 11.03.21. /Кабар/. 2021-жылдын 11-мартында Европа Биримдиги КР Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине COVID-19 пандемиясына каршы иш-аракетин колдоо иретинде жалпы суммасы 100 миң еврого бааланган материалдарды өткөрүп берди. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, материалдар диагностикалык жана сыноолорду жүргүзүү үчүн тесттик топтомдорду камтып, 8 миң ПЧР-тест жасоого жетиштүү.

Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы, элчи Эдуард Ауэр белгилегендей, ЕБ Кыргызстанга COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө биринчи болуп жардам көрсөткөн.

“Берилген материалдар Кыргызстандын саламаттык сактоо тутумунун тестирлөө мүмкүнчүлүктөрүн өркүндөтөт жана жан аябас кыргыз дарыгерлерине, адамдарды COVID-19дан сактоо милдетин аткарууга жардам берет. Пандемия баарыбызга терең таасирин тийгизди, бирок биз анын алып келген бардык кыйынчылыктарын жана кесепеттерин бирге жеңе алабыз. ЕБ кыргыз эли үчүн ишенимдүү өнөктөш бойдон кала берет жана биз Кыргызстанды COVID-19 илдетине каршы күрөштө колдоону уланта беребиз», - деди тапшыруу аземинде элчи Эдуард Ауэр.

КР саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев ЕБ тарабынан COVID-19 илдети менен күрөшүүдө Кыргызстандын калкына лабораториялык адистердин кошумча резервин даярдап, Кыргызстан үчүн өтө зарыл болгон акысыз колдоосу үчүн, жана ошондой эле COVID-19 диагнозун аныктоо үчүн лабораториялык материалдар менен камсыз кылынгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

“Европа Биримдигине пандемиядан улам келип чыккан көптөгөн кыйынчылыктарды чечүү үчүн кошумча каржылоосу үчүн, узак мөөнөттүү ЕБ милдеттенмеси жана кызматташтыгы аркылуу ыраазычылыгын билдирди. Борбордук Азия өлкөлөрүндө жана анын ичинде Кыргызстанда биологиялык коопсуздукту жана биологиялык коргонуусун күчөтүү боюнча, ошондой эле биздин кыргыз кесиптештерибизге кызматташтыгы жана бул жаатта ЭАИжТБ жана башка аймактык өнөктөштөр менен биргеликте иштөөгө даярбыз», - деди Эл аралык илимий жана технологиялык борбордун (ЭАИжТБ) аткаруучу директору Дэвид Клив.

Материалдар ЕБ тарабынан каржыланган 53-долбоорунун (P53) “ЕБ химиялык, биологиялык, радиациалык, ядролук контролдоо жана тобокелдиктерди төмөндөө боюнча стандарттык борборлорунун демилгесинин (ЕС/ЦПО/ХБРЯ) алкагында берилди. Материалдар менен камсыздоо Европа Биримдиги, анын ичинде Европа Кеңеши ХБРЯ боюнча өнөктөш өлкөлөргө алардын COVID-19 пандемиясына каршы улуттук иш-аракеттерин колдоо үчүн каражат берүүнүн бир бөлүгү болуп саналат.

Жыйынтыгында, 53-долбоор, долбоордун өнөктөштөрүнө COVID-19 кесепеттерин азайтуу боюнча иш-чараларга, анын ичинде жабдуулар жана материалдар менен камсыздоо, окутуу жана аймактык кызматташууну колдоо үчүн кошумча каражат алган. Долбоордун алгачкы этабында кыргыз адистери өтө кооптуу оору козгогучтар менен (ӨКОК) жуктурган клиникалык үлгүлөрдү иштеп чыгуу жана диагностикалоо боюнча окутуудан өтүштү, ошондой эле биологиялык коопсуздук боюнча инструктор болушту.

Эске салсак, Европа Биримдиги COVID-19 пандемиясына жооп иретинде Кыргызстанды колдоо үчүн 43 миллион евродон ашык каражат менен мобилизацияланган. Бул колдоо, саламаттык сактоо тутумун жана потенциалын, кризистик кырдаалды жөнгө салууну, макрофинансылык туруктуулукту, социалдык коргоону, азык-түлүк коопсуздугун жана жеке секторду колдоого багытталган комплекстүү жооп болуп саналат.

АИжТБ, ЕБ ЦПО ХБРЯ демилгесинин алкагында каржылануучу 53-долбоорду ишке ашырып келет. ЕБ ЦПО ХБРЯ демилгеси сегиз региондогу 62 өнөктөш өлкөнү камтыган Европа Комиссиясы (EК) жана Европа Комиссиясынын биргелешкен изилдөө борбору (БИБ) жана Бириккен Улуттар Уюмунун кылмыштуулук жана адилет боюнча аймактар ​​аралык изилдөө институту (UNICRI) тарабынан жетектелип келет. Европа Кеңешинин Борбордук Азиядагы ХБРЯ боюнча катчылыгы Өзбекстандын Ташкент шаарында жайгашкан.

Пикир

Оставить комментарий