• 84.2
  • 93.61
  • 0.94

Садыр Жапаров Ташкенттеги Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду

Президент 0

Бишкек, 18.07.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 18-июлда Өзбекстанга болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Ташкенттеги “Янги Узбекистон” паркындагы Эгемендүүлүк монументине гүлчамбар койду.

Эстелик 2021-жылы өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тургузулган. Монумент өзбек элинин байыркы тарыхын, белгилүү мамлекеттик ишмерлердин, полководец жана илимпоздордун сүрөттөрүн чагылдырат.

Эстеликтин алдыңкы бөлүгүндө көк купол, ал эми күмбөздүн астында өзбек элинин үч миң жылдык тарыхын хронологиясы менен сүрөттөгөн рельефтик дубал жайгашкан. Рельефтик дубалда өзбек элинин биздин заманга чейинки терең тарыхы кыскача баяндалган.

Пикир

Оставить комментарий