Бишкек, 25.12.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путинге азербайжандык жүргүнчү учагынын кыйрашына байланыштуу көңүл айтты.
«Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан үстүбүздөгү жылдын 25-декабрында Актау шаарына жакын жерде жүргүнчү учагынын кыйрашынын кесепетинен Россиянын жарандарынын каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам.
Орду толгус жоготуунун аза-кайгысын тең бөлүшүп, курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, жабыр тарткандардын баарына тезирээк сакайып кетишин каалайм», - деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.
Пикир
Оставить комментарий