• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө мыйзамга кол коюлду

Президент 0

Бишкек, 05.02.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков «Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти.

Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2018-жылдын 27-декабрында кабыл алынган.

«Үрөнчүлүктөгү мамлекеттик дотация жөнүндө» мыйзамдын максаты мамлекеттик дотация механизмин киргизүү аркылуу артыкчылыкка ээ болгон айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жогорку сапаттагы сертификатталган үрөндөрүн өндүрүү жана сатуу үчүн КР үрөнчүлүк чарбаларына жагымдуу шарттарды түзүү жана айыл чарба өсүмдүктөрүнүн сорттук сертификатталган үрөндөрүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү камсыздоо боюнча мамлекеттик колдоо көрсөтүү болуп саналат.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий