• 84.55
  • 93.78
  • 0.94

Садыр Жапаров өзгөчөлөнгөн инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды

Президент 0

Бишкек, 31.08.24. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров бүгүн, 31-августта Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана Эгемендүүлүк күнүнө карата өлкө жана эл алдында сиңирген эмгеги үчүн мамлекеттик өзгөчө наам-белгилери ыйгарылган инсандарга мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө төмөнкүлөрдү айтты:

"Урматтуу мекендештер!

Ардактуу сыйлык ээлери!

Бүгүн улуттун улуу күнү – Кыргызстандын Эгемендик күнүн белгилеп, ыйык дөөлөтүбүздү жана болгон жетишкендиктерибизди даңазалап жатабыз. Ошону менен бирге ушул кечте бүгүнкү Кыргызстандын башаты болгон Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгын Ала-Тоо аянтында салтанаттуу түрдө белгилегени турабыз.

Алдыга умтулган чечкиндүүлүгүбүздүн, ынтымакта өсүп-өнүгүүгө болгон эркибиздин далили болсун деген тилекте курулуп, кечээ ак жол каалап, астанасын аттаган “Ынтымак-Ордо” имаратында мына ушундай улуу күндөрдүн урматына мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу саамалыгында сиздер менен жүз көрүшүп жатканыма кубанычтамын.

Мына ошондуктан Эгемендик күнүбүздүн урматына жана Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата өлкөбүздүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык, маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги албан-албан жетишкендиктери үчүн бир катар жарандарыбызды мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо чечимин кабыл алганбыз.

Эң алды элибизге эмгеги өткөн, калкыбызга кадыры сиңген биздин замандаштарыбызды мамлекеттик сыйлыктарыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын! Бүгүн биз кут-дөөлөтүбүз болгон Эгемендигибизге бир кубанып турсак, сиздерге эки сүйүнүч бир келип, Эгемендигибизге да, тер төккөн мээнетиңиздердин мамлекет тарабынан бааланышына да кубанып турган учуруңуздар. Баарыңыздардын сыйлыгыңыздар кут болсун!

Кыргыз эли тээ алмустактан бери тарых айдыңында бирде жанып, бирде өчүп, түгөнгөн сайын түтөп, эң башкысы эркиндигин туу туткан улуу журт экени анык. 20-кылымдын башында эң кандуу, ошол эле учурда эң натыйжалуу болгон Улуу Октябрь революциясы карапайым кыргыз турмушун да кыйгап өтпөгөнүн жакшы билесиздер. Колониялык саясаттын курмандыгы болуп, кыргынга учураткан Улуттук боштондук күрөш - Үркүндүн запкысын тарткан карпайым эл үчүн көктөн издегени жерден табылгандай эле болгон.

1924-жылы 14-октябрда РСФСРдин курамында Кара-Кыргыз автономиялуу облусу, 1926-жылы Кыргыз Автономиялуу Советтик Социалисттик Республикасы, ал эми 1936-жылы союздук Кыргыз Советтик Социалисттик Республикасы болуп түзүлгөн тарыхый мезгил биз үчүн абдан маанилүү. Айтканга оңой болгону менен, мына ушул жылдар аралыгында, тарыхый оор шартта кыргыз элинин өз алдынча, эркин, эгемен мамлекет болушу үчүн кан-жанын, маңдай терин төккөн Абдыкерим Сыдыков, Ишенаалы Арабаев, Иманаалы Айдарбеков, Абдыкадыр Орозбеков, Жусуп Абдрахманов, Төрөкул Жанузаков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү аталарыбыз кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнүн башында турушкан. Тилекке каршы, алар улутчул деген жалаа менен кандуу репрессиянын курмандыгы болушканы баарыбызга белгилүү.

Тарыхтын тамырын тартып, жамы журтка белгилүү мамлекет түптөгөн аталарыбыздын каармандыгы тууралуу кепти эмнеге кайра-кайра козгоп жатабыз? Себеби, азыркы Эгемен Кыргызстаныбыз мына ошол аталардын кажыбас кайраты, майтарылгыс эрки менен түзүлгөн Кара-Кыргыз автономиялуу облусунан башат алат.

Аты аталган улуу инсандар өз маалында "кыргыз - эркин эл болсун, Кыргызстан - өз алдынча мамлекет болсун" деп кара жанын карч уруп, өмүрүн арнап, эл-жери үчүн кызмат кылган болсо, бүгүн сыйлык алып жаткан замандаштарыбызды ошол бабалар түптөгөн эгемен Кыргызстанды андан ары өнүктүрүүгө ар тараптан салым кошуп келаткан атуулдар деп билем.

“Атын атаса, куту сүйүнөт” деп кыргыз элибиз бекеринен айткан эмес. Мына ошондуктан биз өз заманынын каармандарын айтып, улут алдында өтөгөн кызматын баса белгилеп жүрүшүбүз керек.

Урматтуу мекендештер!

Учурунда Ата Мекенине арнаган опол тоодой эмгеги бааланбай, көзү өтүп кеткен аталарыбыз бар. Алардын жасаган иштери өз мезгилинде татыктуу белгиленбесе да, калың кыргыз журтчулугу тарабынан бааланып, ооздон-оозго өтүп, ысымдары азыркыга чейин чоң сыймык, тамшануу менен айтылып келет. Тарыхый акыйкаттык үчүн мамлекет тарабынан мына ушундай улуу инсандардын Ата Мекен алдында сиңирген эмгектери бааланса деген тилектери менен коомчулуктун өкүлдөрү кайрылышты. Чындыгында эле эбегейсиз иштерди жасап кеткен улуттун чыгаандарын унутта калтырбашыбыз керек.

Алардын бири – учурунда Кыргыз Республикасынын Министрлер Советинин төрагасы болгон маркум Болот Мамбетов. Анын жетекчилиги астында кан күйгөн Улуу Ата Мекендик согуш учурунда батыштан эвакуацияланган ири ишканалар кыска мөөнөттө ишке киргизилип, 38 өнөр жай объектисинин курулушу уюштурулган экен. Ал эми республикадагы дээрлик баардык ири суу сактагычтар менен негизги ирригациялык системалардын курулуштарынын башталышы дал ушул адамдын ысымы менен байланыштуу. Болот Мамбетовдун Ата-Журт алдында өтөгөн эмгеги өлчөөсүз. Ошондуктан мен тарыхта из калтырган чыгаан мамлекеттик жана коомдук ишмер, маркум Болот Мамбетовго “Кыргыз Республикасынын Баатыры” эң жогорку артыкчылык даражасын ыйгаруу жөнүндө Жарлыкка кол койдум.

Кан күйгөн согуш деп калдык. Ошол Улуу Ата Мекендик согушта “Ленинград блокадасы” деген ат менен тарыхта калган, 900 күнгө жакын убакытка созулган каргашалуу мезгил белгилүү. Мына ошол Ленинград блокадасынан эвакуацияланып, Ысык-Көл облусуна алынып келинген 150 баланы асырап-чоңойткон Токтогон Алтыбасарова деген апабызды да жакшы билесиздер. Мына ошол легендага айланган Токтогон Алтыбасарова апабызга көзү өтүп кетсе да “Эмгек Баатыры” Кыргыз Республикасынын артыкчылык даражасын ыйгаруу чечими кабыл алдык. Бул артыкчылык даражасы кыргыз журтчулугунун жүрөгүнөн түнөк тапкан белгилүү акын, дасыккан котормочу, маркум Түмөнбай Байзаковго, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, мүлдө кыргыз-казакка таанымал төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевге да ыйгарылган. Бул чечимдерибиздин расмий жөрөлгөсүн бүгүн жасаганы турабыз.

Бул ирет “Эмгек Баатыры” наамы СССРдин жана Кыргыз ССРинин эл артисти, Кыргыз ССРинин эл сүрөтчүсү, маркум Сүймөнкул Чокморовго да ыйгарылды. Кыргыздын жүзүнө айланган бул эл уулу кастарланып, кадырланууга татыктуу экенин баса белгилейм.

Ошону менен катар мамлекетибиздин, коомубузду ички, тышкы коркунучтардан коргоодо жана улуттук коопсуздукту камсыз кылууда тагылган милдеттерин так аткарып келаткан жетекчилерибиздин эмгеги да бааланууда. Мен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Кыдыршаевич Ташиевге “генерал-полковник” жогорку аскердик наамын, Урматбек Муслинович Шамыркановго “генерал-майор” жогорку аскердик наамын, Рахатбек Үсөнбекович Жапаровго “ички кызматтын генерал-майору” жогорку атайын наамын ыйгаруу тууралуу чечим кабыл алдым.

Камчыбек Кыдыршаевичтин өлкөнүн улуттук коопсуздугун чыңдоо, чек араны бекемдөө жана күч органдарын реформалоо боюнча жасаган иш-аракеттерин жалпы журтубуз жакшы билет. Ал эми улуттук экономикабызга кедергисин тийгизип, эгемендик жылдарында тамырын терең жайган коррупция менен келишкис күрөш жүргүзүп, жеке өмүрүнө коркунуч келиши мүмкүн экенине карабай, эбегейсиз иштерди жүргүзүп келаткандыгын да баса белгилеп айтып кетейин.

Урматтуу кыргызстандыктар!

Элибиздин “Эл ичи – өнөр кенчи” деген да керемет сөзү бар. Чындыгында эле өз кесибин мыкты билген не деген гана таланттуу адамдар менен замандашпыз. Алар эч кимге доосун артпай эле, “Мекен үчүн, эл үчүн!” деп, башкалардан айырмалана ак кызматын өтөп келатышат. Мына ошондой ары жөнөкөй, ары таланттуу замандаштарыбыз башкалардын алдыга умтулушуна себепкер болушууда. Алар канчалаган жаштарга үлгү болуп, дагы канчаларына устат да болуп келатышат. Тактап айтканда, биздин өлкөбүз үчүн опол тоодой жумуш жасап, идеологиябыздын чыңдалышына бараандуу салымдарын кошуп келишет.

Биз мээнетти баалаган нарк-насилдүү улуу элдин тукуму катары коомубуздун өнүгүшүнө салым кошкон мекендештерибиздин эмгеги мамлекет тарабынан акыйкат бааланышы керек деген көз карашты карманып келебиз.

Сөзүбүз куру болбошу үчүн азыркы заманыбызда жалпы Кыргызстанга эмгеги менен таанылган инсандарыбыздын айрымдарына токтоло кетели.

КМШ, Европа өлкөлөрүнөн сырткары, Канада, Мексика, Египет, Кытай, Түркия, Монголия, Япония, Пакистан, Корея өлкөлөрүндө кыргыз элинин дөөлөтү, кадимки 3 кыл комузу менен Кыргызстандын атын даңазалап келген комузчу Самара Токтакуновага “Эмгек баатыры” артыкчылык даражасы ыйгарылды. Жалпы кыргызстандыктардын сыймыгына айланган Самара эжебизди кимдер гана билбейт.

Мындай абыройлуу даражага уюштуруучулук жөндөмү менен айырмаланып, бир топ лицей-гимназиялардын түптөлүшүнө зор салым кошкон интеллектуалдык көрөңгөсү бийик инсан Өмүрзак Мамаюсупов агабыз дагы арзып олтурат.

Бүгүнкү күндө жалпы элди, өзгөчө жаштарды Кыргызстандын, кыргыз элинин тарыхын тактап, аларды мекенчилдикке, нарктуулукка тарбиялоо иштери аба-суудай керек болуп турган маал. Мына ушул жааттагы бир топ эмгектери менен эл оозуна алынган агайыбыз, профессор Өскөн Осмонов 2-даражадагы Манас ордени менен сыйланууда.

Архивдик документтерди изилдеп, топтоп, тескеп, анан коомчулукка жеткирүү өтө этияттыкты, тактыкты, жоопкерчиликти жана адискөйлүктү талап кылган машакаттуу иш. Мына ушул жаатта Россия, Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандагы ондогон мамлекеттик борбордук тарыхый архивдерден казып, чогултуп, уникалдуу тарыхый документтерге негиздеп олтуруп, биздин тарыхыбызга, өзгөчө, 18-20-кылымдарга таандык тарыхыбызга олуттуу жаңылыктарды жана тактоолорду алып келип жаткан дагы бир тарыхчы агайыбыз Дөөлөтбек Сапаралиев 3-даражадагы Манас орденине татыды.

Улуттук журналистиканы өнүктүрүүгө жана мыйзам чыгаруу ишине өз салымын кошуп, лингвистикалык-редакциялык комиссиянын жетекчиси катары бир катар Конституцияларды даярдоого катышкн, Ата Мекенге ак кызмат кылуунун өрнөгүн көрсөтүп келаткан Абдыкадыр Султанбаев да арабызда отурат.

Быйыл “Курманжан датка” орденин Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректору, профессор Индира Кудайбергеновага ыйгаруу чечими кабыл алынды. Сыйлык ээсинин жалпы кыргызстандыктардын саламаттыгына кам көрө турган жападан жалгыз ата мекендик окуу жайыбызды эң сонун оңдоп-түзөп, келечектеги ден соолук сакчыларынын кесипкөй адис болуп чыгышына жана аларга билим берген окутуучулар жамаатына мыкты шарттарды түзүп берип келатканын белгилей кетейин. Студенттер үчүн кампус-шаарчаларды, облус борборлоруна окуу-медициналык комплекстерди ачып, Академиянын ар тараптан кулач жайып өнүгүшүнө жан дүйнөсүн төшөп иштеп келеткан Индира Орозбаевнанын аракети менен биздин Медакадемиябыздын эл аралык деңгээлдеги бедели артат десек туура болот.

Урматтуу мекендештер, биз бүгүнкү күндө өлкөбүздүн өнөр жай тармагын жандандыруу максатында бир катар ишканаларды ачып, ишке киргизүүнүн далалатын көрүп келатабыз. Мынакей кечээ эле ачылышы жасалып ишке берилген 100 объектинин жарымы өнөр жай ишканалары болуп саналат. Жыл соңуна чейин мындай жумушчу орундарын түзө турган, өлкөбүздүн казынасын салык төлөө менен арбыта турган ишканалардын саны 100дөн ашат деген мерчемибиз бар. Мына ушул багытта өзүнүн жигердүүлүгү менен таанылган Азамат Арапбаевдин эмгегин “Даңк” ордени менен баалоону туура көрдүк. Бул инсандын жеке аракетинин аркасында Сузак, Кара-Суу, Араван, Кемин райондорунда жана Ош шаарында бир топ өнөржай ишканалары ачылып, ийгиликтүү иштеп келүүдө.

Сыйлык алуучулардын арасында "Түрк тилдүү мамлекеттердин саясатын колдоо" коомдук фондунун президенти Нусрет Муса-Оглы Мамедов да бар. Түрк тилдүү өлкөлөрдүн бир туугандык мамилесин чыңдоо багытында бул өлкөлөрдүн залкар жазуучуларынын чыгармаларын басып чыгарууга, которууга өзгөчө көңүл буруп, аны элибизге акысыз жайылтууга зор салым кошуп келген Нусрет Муса-Оглы “Достук” ордени менен сыйланып олтурат.

Ал эми азыркы кыргыз адабиятынын жаңы толкунунун көрүнүктүү өкүлү, жаңычыл дем жана бийик деңгээлдеги чеберчилик менен жазылган бир катар романдардын, аңгемелердин автору Арслан Койчиевге “Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу” деген ардак наамы ыйгарылды. Анын кыргыз журтчулугуна таанымал "Мисмилдирик" (Беделдеги каргыш) романы окурмандардын суроо- талабы менен үч ирет кайра басылып чыккан. Арслан Койчиевдин чыгармаларына кыргыз адабиятынын алптары Казат Акматов, Асанбек Стамов, Кеңеш Жусупов, Султан Раев, Шайлообек Дүйшеев жана башкалар жогору баасын беришкенин айтсак, жетиштүү болоор.

Эмгеги баалангандардын арасында жазуучу Александр Иванов, Б. Ельцин атындагы Кыргыз-Россия славян университетинин кафедра башчысы, профессор Бахадыр Бебезов, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрынын артисти Вера Сариева, Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрынын солисти Элмира Кабатай кызы, Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият, искусство университетинин окутуучусу Бактыбек Чытырбаев, дарыгер Эркинбек Орозакунов, кинорежиссер Айбек Дайырбеков, Эл аралык Мета-илим университетинин ректору Болотбек Шатманалиев, сүрөтчү-айкелчи Азамат Абдырахманов жана башкалар бар.

Мамлекеттик сыйлыкка татыктуу деп тандалгандарды карап олтуруп, бир кезде кыргыз адабияты менен искусствосун, илимин дүңгүрөткөн Чыңгыз Айтматов, Түгөлбай Сыдыкбеков, Иса Ахунбаев, Болот Шамшиев, Бакен Кыдыкеева сындуу залкарларыбыздын жолун улоочулар чыгып келатканына абдан кубанып олтурабыз.

Бүгүн сыйлыкка арзыгандардын ар бирине токтолуп, алардын эмгектери тууралуу айтып берүүдөн чоң ырахат алганы турам, бирок, өзүмдүн да, катышуучулардын да убактысын сыйлашыбыз керек болуп турат. Бүгүнкү салтанаттын катышуучулары жогоруда аттары аталып өткөн жарандарыбызды мисалга гана тарттым. Бүгүнкү сыйлык алган ар бириңиздер жогорку баага, бийик сый-урматка татыктуусуздар. Алган мамлекеттик сыйлыгыңыздар сиздердин ишмердигиңиздерди чектебесин. Чыгармачыл демиңиздер, күжүрмөн аракетиңиздер мындан ары дагы улана берсин. Мындан ары дагы ар-бириңиздер мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн дагы далай эмгектерди жарата бериңиздер.

Урматтуу мекендештер!

Алдыда аткарыла турган опол тоодой иштерибиз жана милдеттерибиз турат. Биздин негизги озуйпабыз – экономикалык жактан өсүп-өнүгүп, элибизди социалдык жактан колдоп, жаркын келечекке багыт алып, урпактарга эгемен, эркин, бардар мамлекетти өткөрүп берүү!

Ошону менен бирге мамлекет өзүнүн мыкты, таланттуу, ар тараптан өнүккөн жарандарын моралдык да, материалдык да жактан колдоосун улантарына ишендирип кетем.

Ошол эле маалда ар бир атуул, Кыргыз Республикасынын жараны катары, өлкөнүн келечеги үчүн “Мекеним менден башталат, мыйзамдуулук, тартип, маданият, тазалык менден уланат!” деп, Ата Мекенибиздин өнүгүп-өсүшүнө салым кошсо деп тилек кылам.

Бүгүнкү Эгемендик майрамыбыз, азыркы Кыргызстандын башаты болгон Кара-Кыргыз автономдуу облусунун 100 жылдык мааракеси баарыбызга кут болсун!".

Пикир

Оставить комментарий