• 87.45
  • 90.16
  • 0.85

Садыр Жапаров: Жакында Жаңы-Барак айылына ипотекалык үйлөр салына баштайт

Президент 0


Бишкек, 15.11.24. /Кабар/. Бүгүн президент Садыр Жапаров Ош облусунун Кара-Суу районунда түптөлгөн Жаңы-Барак айылына барды.

Өлкө башчысы эл менен жолугушуу учурунда Жаңы-Барак айылында мамлекеттик ипотека аркылуу берилчү көп кабаттуу үйлөр салынарын айтты.

“Эң негизгиси, эл жыргал жашоодо жашаса бизге ошол бакыт. Ушул үйлөрдүн жанына көп кабаттуу үйлөрдү да салабыз, жакында иштер башталат. Батирлер бир үйдө жашап жаткан бир нече үй-бүлөлөргө ипотека аркылуу 20-25 жылга берилет”, - деди президент.

Белгилей кетсек, Жаңы-Барак айылында 38 гектар жерге 101 турак үй курулган. Алардын баары бирдей үлгүдө, керектүү шарттары менен салынган. Айыл таза суу, саркынды сууларды чыгаруу системасы, ошондой эле электр энергиясы менен камсыздалган.

Эскерте кетсек, буга чейин Кыргызстан менен Өзбекстан чек ара такташканда жер алмашып, анын алкагында Кыргызстан Барак эксклавын Өзбекстанга берип, Кара-Суу району жактан 208 гектар жер алган. Аталган эксклавдын жашоочулары үчүн Кара-Суу районуна Жаңы-Барак айылы курулду.

Пикир

Оставить комментарий