• 85.8
  • 92.87
  • 0.89

Садыр Жапаровдун элге берген беш убадасы. Убадалар аткарылдыбы?

Аналитика 0

Садыр Жапаров президенттике келээрден көп жылдар мурда эле Кыргызстандын саясатын, экономикасын, элинин жашоо-шартын изилдеп, аралашып, өтө жакшы билгени сыр эмес. Ал депутат болуп жүргөн кезден тарта кыргыз элинин жашоосу күндөн-күнгө оорлоп баратканын өз көзү менен көрүп, Кумтөрдү элге алыш керек деген аракетин баштаган. Ал үчүн кандай сыноолорго туш болгонун биз унутсак дагы, тарых унута элек. Ал арада оош-кыйыш мезгилдерди башынан өткөрдү. Кайрымсыз жана чечкинсиз бийликтен жадаган эл акыры аянтка чогулуп, кезектеги революцияны жасоого аргасыз болду. Мына ошол кезде чыныгы эл үчүн күйүп, чын дилинен иштеп бере турган лидерге суусап турган кез эле. Мага бийлик тийип калабы деп адатынча ак үйдү акмалап, аянтка көз салып турган аткаминерлерге эл бул ирет мүмкүнчүлүк берген жок. Элимдин эртеңи дегенде ичкен ашын жерге таштаган Садыр Жапаровду эл өзү ажолукка көрсөттү. Ошентип 2020-жылы Садыр Жапаров президенттике аттанмай болуп эл алдына чыкканда элге 5 убада берген. Бүгүнкү күндө Садыр Жапаровдун президенттик креслодо иштеп жатканына 4-жыл кетти. Бийлик башына келген мына ушул аралыкта, бир кезде элге берген убадаларын аткардыбы деген суроо жаралат. Деги эле алар кандай убада эле?

1.Экономиканы өстүрүү убадасы

Ары жооптуу, ары түйшүктүү президенттик тактыга келген Садыр Жапаров башында турган бийлик, алгачкы күндөн тарта эле мамлекеттин экономикасын көтөрүүгө болгон күч-аракетин жумшап иштеди. Башталган иш бүтөт демекчи, жыйынтыгы көпкө күттүргөн жок. 3 жыл аралыгында Кыргызстандын экономикасы чоң секирик жасап, бюджет 2 эсе көбөйдү. Дайыма дефицит менен жылды жаап келсек, былтыр бюджетти биринчи жолу профицит менен жаптык. Учурда өлкөнүн экономикасы туруктуу өнүгүү жолунда.

Кантип эле 3 жыл аралыгында ушундай көрсөткүчкө жетишүү мүмкүн болсун деген суроо жаралышы мүмкүн. Анын себеби да эл алдында ачык-айкын айтылып турду. Адегенде эле өлкөдө тамырлап кеткен коррупцияга каршы күрөш жүрүп, ооздукталды. Албетте, эчен жылдан бери тамырын жайып, мамлекеттик мекемелерге кулачын кенен жайып отурукташып алган коррупцияны толугу менен жоюп жиберүүгө 3 жыл аздык кылышы турган кеп. Бирок, антсе да жемкорлуктун башында турган чоң аткаминерлерди кармап, мурда сол чөнтөктөргө агып кетип турган Бажы системасын толугу менен жаңылап, бирдиктүү нукка салып, күнү-түнү онлайн көзөмөлдө турган санарип системасынын жардамы менен андан түшкөн кирешени түз мамлекетке түшүрүү системасын орнотту.

Ал эми салык тармагына келсек, 20 пайызы мамлекетке, 80 пайызы анда иштеген коррупционер жетекчилердин жана кызматкерлердин чөнтөгүнө кеткен чириген системаны жокко чыгарып, соодагерлерди ККМ, ЭТТНге өткөрүп, бирдиктүү салык төлөөгө көндүрдү. Мамлекетке салык төлө десе чалкасынан кеткен соодагерлер митингге чыгып, каршылык көрсөтүүгө да аракет кылып көрүштү. Садыр Жапаров соодагерлерге өзү барып, алар менен сүйлөшүү жүргүзүп, төлөгөн салыгыңар өзүбүздүн мамлекеттин келечегине, экономиканын өсүшүнө жумшалат дегенди укканда баары макул болуп салык системасындагы түшүнбөстүк толугу менен жоюлду десек болот. 2 жылга созулган бул аракеттер текке кетпей, карапайым калк менен тил табышуунун артында ишкерлер бир тартипке түштү. Демек, салыктан чогулган каражат да түз бюджетке түшө баштады.

2. Кумтөрдү Кыргызстандын менчигине кайтарып алуу убадасы

Садыр Жапаров десе Кумтөр, Кумтөр десе Садыр Жапаров эске түшөт эмеспи. Анын сыңары, Жапаров эл өкүлү болуп турган кезинен тарта Кумтөрдү мамлекетке кайтарып алууга жанын үрөдү. Эл мүдөөсүн эмес, жеке кызыкчылыгын көздөгөн ошол кездеги бийлик мындай идеяны колдомок тургай, тескерисинче Садыр Жапаровго кысым көрсөтүп, куугунтукка алган. Ал президенттике ат салышканда эле ишенимдүү түрдө, «Кумтөрдү мамлекетке кайтарам деп так кесе айта алам, Кумтөр Кыргызстандын кызыкчылыгына иштейт» деген убадасы бар эле. Көпчүлүк буга ишенген да эмес. Себеби 30 жыл аралыгында Кумтөрдүн ийне-жибине чейин билип, алтынынын даамын татып, толук өзүмдүк кылып алган чет элдиктер оңою менен бере койбосу бышык эле. Эчендеген президенттер Кумтөрдү Кыргызстанга өткөрмөк тургай, ойлогондон да коркушчу. Садыр Жапаровду деле, айрымдар бул президент деле өткөрө албайт дешкен.

Беттегенин бербеген, көкжалдай өжөр мүнөзү бар Садыр Жапаров элге берилген экинчи убадасын ишке ашырып, бийликке келгенине 2 жыл өтпөй 2022-жылдын 4-апрелинде эң чоң улуттук байлыгыбыз болгон Кумтөр алтын кени Кыргызстандын толук ээлигине биротоло кайтарылганын жар салды. Канадалык ишкерлер дагы эсеби жок байлыгы бар Кумтөрдү жөн эле кармата салган жок. Бул талаш-тартыш дүйнөлүк сотко чейин жетти. Болгон аракетин салышты. Садыр Жапаров саясий бекем эркинин арты менен, канча жыл чеккен азабынын акыбети кайтып Кумтөр кыргыз элине кызмат кыла баштады. Былтыр 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча Кумтөр 302,4 миллион АКШ доллары менен таза киреше таап, мамлекетке 17 миллиард 241 миллион 71 миң сом салык төктү. Эгер Кумтөр чет элдиктер иштеткен 30 жыл аралыгында Кыргызстанга иштесе, азыр биздин казынабыз толмок тургай, ашып-төгүлүп, экономикабыз өнүккөн, тышкы карызы жок өлкө болмок экенбиз деп далайы ошондо гана бармак тиштеп, Садыр Жапаровго баа берди. Кыргызда, эч болбосо – кеч болсун деген жакшы кеп бар. Анын сыңары Кумтөр кени эми да болсо мамлекетке өтүп, кыргыз элинин пайдасына иштеп жатканы Садыр Жапаровдун кыргыз элине жасаган эң чоң жакшылыгы. Эчен жыл алтыны алтындай, акчасы акчадай сыртка ташылып кетип турган, элдин ырыскысын өзгөлөр жеп турган жаратылыш кенибизди Кыргызстандын менчигине өткөрүп алган соң миллиарддаган каражаттар өзүбүздүн казынабызга түз түшө баштады. Түп-тамыры менен реформаланып, жаңы тартипте иштөөгө өткөн ири тармактардан түшкөн каражаттар менен өлкө экономикасы ирденип, бюджетибизде акча көбөйүү менен жаңы деңгээлге чыгып, чыныгы бурулуш көрсөттү.

3. Коңшу мамлекеттер менен болгон чек ара маселесин чечүү убадасы

Кыргызстан менен коңшу жайгашкан мамлекеттер менен болгон чек ара чыры улангандан-уланып, эч эле аягына чыкпай келген. Улам жаңы келген президент чек араны чечем деген убадасы менен кошо жок болоор эле. Садыр Жапаровдун элге берген убадаларынын бири чек ара маселесин чечүү эле. Бүгүнкү күндө Өзбекстан менен болгон чек ара маселеси чечилип, толугу менен чекит коюлду. Ал тургай эки өлкөнүн ортосунда достук мамиле өнүгүп, Кыргызстан менен Өзбекстан боордош эл катары жаңы нукта мамиле курууга жетишти. Буга далил, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүү быйылкы жылдын 9 айында эле дээрлик 600 миллион долларды түздү.

Эми кийинки кезекте Тажикстан менен болгон чек ара маселеси калды. Далай сыноону баштан өткөргөн бул маселеге Садыр Жапаров баштаган бийлик толук чекит коюу алдында турат. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы четинен такталып отуруп, бүгүнкү күндө аз гана жери калып, аз убакытта толугу менен чекит коюлуу алдында турат.

4. Сыртта жүргөн мигранттарды мекенге кайтарам деген убадасы

Садыр Жапаровдун «Кыргызстанда иш орундары жок, айлык аз. Чет өлкөгө барып иштеп, көбүрөөк акча таап, үй-жайлуу бололу деген максат менен көп жарандарыбыз мигрант болуп кетти. Мына биз аларды кайтарабыз. Баарын турак-жайлуу кылабыз»,-деп айтканы бар. Ошл кезде Кыргызстандын тең жарымы эле миграцияга кетти. Ошончо адамды кантип үйлүү кылат болду экен деген суроо жаралган. Көп узабай мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши жөнгө салып, мурдагыдай борбор калаага эле басым жасабай, Кыргызстандын жети дубанында, облустарга, райондорго, кичи шаарларга чейин көп кабаттуу үйлөр курулуп, ипотекалык турак-жай куруу иштери массалык түрдө башталды. Буга чейин тааныш-билиш болуп кеткен кезек күтүү системасын да санариптештирип, карапайым калкка тегиз жетсин деген таризде жаңы онлайн системаны ишке киргизди. Ипотекалык компания буга чейин мамлекеттик кызматта иштегендерге гана жеткиликтүү болуп келсе, эми жеке жакта иштеген жарандар дагы ипотекалык негизде алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү. Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 42 316 ипотекалык батир салынууда. Бул көрсөткүч Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет катталып отурат.

5. Кыргызстан коопсуз өлкөгө айланат деген убадасы

Кезинде туш-тараптап бастырып келип, ок атып, аскерлерибизди, жарандарыбызды жарадар кылып кеткен учурлар көп эле катталган. Андай учурда биздин армиябыз итке минген абалда эле. Аскердик техника мындай турсун, аскерлерибиздин курсагын оңдуу тойгуза албаган күндөр болгон. Мамлекеттин өз жарандарынын коопсуздугун коргоо жөндөмдүүлүгү аскердик саясатынан, Куралдуу күчтөрдүн даярдыгынан, техникалык жактан камсыздалышынан жана экономиканын туруктуулугунан көз каранды экени талашсыз. Мурда бекер, тактап айтканда жалаң гана чет элдик гранттардын эсебинен келген эски аскердик техникаларга сүйүнсөк, эми Кыргызстан өз каражатына жаңы, заманбап, дүйнөдөгү акыркы моделдеги техникаларды сатып алууда. «Тигр» маркасындагы атайын бронетехникалар, оор жүк ташуучу аскердик унаалар, «Байрактар-ТБ2», «Акынжы», «Аксунгур» сокку уруучу учкучсуз учуучу аппараттар, "Печора-2 БМ" мобилдик зениттик-ракеталык комплекси, ок-дары, курал-жарактар жана аскердик техникалардын заманбап түрлөрүн сатып алдык. Бүгүнкү күндө биздин армиябыз башка мамлекеттерден кем эмес курал-жаракка ээ. Жада калса, башкаларда жок курал-жарагы бар мамлекетке айландык. Садыр Жапаров коркунучтарга жооп кайтарууга аскердик техникалардын болушу маанилүү экенин айтып, "Биз эч качан биринчилерден болуп башкаларга катылбайбыз. Бирок катылгандын катыгын берип келген Манас атабыздын урпактары катары духу күчтүү чек арачыларыбыз берген антына бекем туруп, кынтыксыз кызмат өтөп жаткандыгында эч кимдин шеги жок. Ошентсе дагы бүгүнкү замандын чакырыктары менен коркунучтарына тийиштүү жооп кайтарууга заманбап техникалардын болушу дагы өтө маанилүү фактор болуп саналат. Мына ошондуктан чек арачыларыбызды заманбап техника жана жаңы технологиялар менен камсыз кылууну улантып жатабыз", - деген.

Башкысы биз аскердик техникаларды бирөө менен согушуу үчүн эмес, аскердик техникалык базабызды толуктап, керек учурда өзүбүздү коргоо максатында алып жатабыз.

Жогоруда айтылган беш убада бул бүгүнкү бийликтин жасап жаткан иштеринин бир чети гана. Президент Садыр Жапаров эл алдында берген убадаларынан артык иштерди жасап жатканы жалпы журттун көз алдында жүрүүдө.

Материалды даярдаган Диана Айдарова, Кыргыз улуттук "Кабар" маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий