• 84.4
  • 93.45
  • 0.89

Садыр Жапаровдун келиши – Зардалылыктар үчүн туннелдин аягындагы жарык болду

Аналитика 0

Баткен облусунун эң алыскы бийик тоолуу айылы – Зардалы райондун борборунан 10 чакырым алыстыкта жайгашкан, бирок айылда дагы деле электр жарыгы, жол жана байланыш жок. Жергиликтүү тургундар айылга кооптуу жол аркылуу барышат, кыш мезгилинде жолду кар басып калгандык сырткы дүйнө менен байланыш таптакыр үзүлүп калат. Айылдын тургундары электр жарыгы, байланышы, таза ичүүчү суу, жол, медицина жана билим алууга мүмкүн болбогон жерде жашоого жана күн сайын жашоо үчүн күрөшүүгө мажбур.

Эгемен Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу өлкө президенти Зардалы айылына барды. Садыр Жапаров тургундардын жашоо шартын өз көзү менен көрүп, мекендештеринин көйгөйлөрүн укту.

Жолугушууда мамлекет башчы алыскы аймактардын инфраструктурасын өнүктүрүүнүн жана калктын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча ири долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүн белгиледи. Президент конушка жол салуу келерки жылдын жазында башталып, андан кийин Зардалыны электр энергиясы менен камсыздоо иштери жүргүзүлөрүн билдирди. Айыл тургундары мамлекет башчысынан байланыш маселесин чечип берүүнү суранышты.

КР Улуттук илимдер академиясынын Мамлекет жана укук институтунун директору, саясий илимдердин доктору, коргоо боюнча эксперт Токон Мамытов Зардалы айылы өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ экенин белгиледи.

Анын айтымында, 90-жылдары Баткен окуясынын баары Зардалы айылында болгон. Ал жактагы шарттар абдан оор. Ал жерде жол жок, адамдар тамак-аш жана эң керектүү буюмдарын сатып алуу үчүн жөө түшүшөт. Абдан татаал климаттык шарттар: аска-зоолорду, өтмөктөрдү, тоо жолдорун басып өтүү керек. Мындан тышкары, электр жарыгы, интернет, телефон линиясы жок.

“Албетте, мамлекет башчысы Садыр Жапаров 30 жылдан бери Зардалы айылына президенттердин ичинен биринчи болуп барганы мени абдан кубандырат. Президент жергиликтүү калктын социалдык жашоо шартына жеке көңүл бурду. Чынында эле ал жактагылар жардамга муктаж, анткени алар абдан оор шартта жашашат. Жадагалса ичүүчү таза суу, интернет, дарыгерлер жок, уюлдук байланыш да бардык жерде тарта бербейт. Элестеткиле, эгер бир нерсе болуп кетсе эч жерден тамак же дары-дармек алуу мүмкүн эмес. Айылда бардыгы үчүн бир гана мугалим бар”, - деди ал.

Токон Мамытов кошумчалагандай, жолду куруу албетте кыйын, бирок кыргызстандык жолчулардын тажрыйбасы жакшы. “Жолчулар Түндүк-Түштүк жолун курушту, туннелдерди курушту, баары кыйын болду, бирок аны жасашты. Мамлекет башчынын сапарынан кийин жол куруу, медицина, билим берүү, электр энергиясы маселелери чечилет деп ишенем. Ал жерде канча адам, канча бала жашабасын, алар медициналык кызматтарды жана билим алууга укуктуу. Макул 5 же 15 эле бала болсун, бирок алар сөзсүз түрдө билим алышы керек”, - деди Мамытов.

Эксперт айыл дагы стратегиялык мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, Зардалы айылы Тажикстан менен чектеш жайгашкан. 99-2000-жылдары согушчандардын Кыргызстанга келген жолдору бар. Эгерде бул айылдын социалдык-экономикалык маселелери чечилсе, чек ара коопсуздугу боюнча маселелер автоматтык түрдө чечилет, анткени биздин кыргыз чек арачыларына чек ара коопсуздугун камсыздоого жана мамлекеттик чек араны коргоого жардам берген Зардалы айылынын тургундары. Абдан начар абалда турган чек ара заставалары да бар. Ал жерде да байланыш жана электр жарыгы жок.

"Менимче, президент баарын өз көзү менен көрүп, бул маселени жеке көзөмөлүнө алды. Ал эми жакынкы келечекте Зардалы айылында жол, жарык жана бардык коммуникациялар болот деп ишенем”, - деди Мамытов.

Транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев, президент Зардалы айылына жол курууну тапшырганын билдирди.

"Учурда уюштуруу иштери жүрүп жатат. Октябрдын орто ченинде 15 тер чамасында курулуш иштерин баштайбыз. Келерки жылы, ноябрь айында курулушту бүтүрөбүз деп жатабыз. Биздин эсеп боюнча 500 млн сомго жакын каражат керектелет”, - деди ал.

Транспорт министринин айтымында, Зардалы айылында 4,5 чакырымга жакын аралыкта унаа жолу жок, бир адам баса турган таштак жана аскалуу жол гана бар.

Пикир

Оставить комментарий