Садыр Жапаровдун “Кыялымдагы Кыргызстан” форумунда сүйлөгөн сөзүнүн тексти

Президент 0

Президент Садыр Жапаровдун “Кыялымдагы Кыргызстан” республикалык жаштар форумунда сүйлөгөн сөзүнүн тексти.

"Урматтуу жаш лидерлер, жаштардан суурулуп чыккан активисттер!

“Кыялымдагы Кыргызстан” форумунун ардактуу катышуучулары!

Кымбаттуу достор!

Бүгүн мен сиздер менен жаштардын улуттук форумунда жүз көрүшүп турганыма абдан кубанычтамын.

Бул улуттук форум – Силер үчүн жооптуу мамлекеттик органдар менен биргеликте жаштардын жашоо-турмушуна тиешелүү маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулоого куп ылайык аянтча!

Дээрлик үч жыл мурун, 2021-жылдын январь айында президенттикке талапкер катары чыкканымда алгачкы “Кыялымдагы Кыргызстан” форумунун демилгечиси болуп, жаштар менен жолугушкам.

Ал форумдан бери биз жетишкен натыйжалардын баарына токтолуп отурбайын. Эң негизги жетишкендик катары саясий коррупциядан арылууга токтолгум келип турат. Эсиңиздерде болсо керек, шайлоо учурунда мен элибизге коррупция менен аёосуз күрөш баштоого убада берген элем. Биз үч жылда “Кумтөрдү” кайтарып алдык, бюджеттин киреше бөлүгүн дээрлик эки жарым эсеге көбөйттүк, ар бир жарандын чөнтөгүнө кол салып, бажы системасын ээлеп, салыктын көбүн сүлүк курттай соргон мафиянын жүзүн ашкереледик .

Мен Мамлекет башчысы болуп шайланганда, бул мафия “бардыгы мурдагыдый кала берет, ал тургай, мурдагыдан дагы көбүрөөк ынтаа менен өлкөнү тоной беребиз” деген ишеничте болгон. Биздин либералдардын көбү, шаардык жаштар жана эл аралык коомчулуктун көбү да ушинтип ойлошкон. Бизге карапайым эл гана ишенди, колдоду. Алардын ишенимине, үмүтүнө албетте, суу сепкен жокпуз, аларды саткан жокпуз. Мен эл үчүн иштешим керек деп эбак эле чечкем. Мамлекетти тоногондор менен жолум бир эмес. Мен көп нерсени кечире алам, бирок элибиздин келечегин уурдагандарды эгерим кечире албайм!

Дээрлик үч жылда командам менен өлкөбүздү саздан чыгара алдык деп эсептейм. КОВИД-пандемиясы, инфляциянын глобалдык өсүшү жана акыркы сексен жылдагы эң ири геосаясий толкундоолор менен коштолгон олуттуу каатчылыктан буйтай алдык. Учурда мамлекеттик карыздын рекорддук көлөмүн ишенимдүү түрдө төлөп жатабыз. Мындан тышкары, айлыктарды, пенсияларды, жөлөк пулдарды бир нече эсеге көтөрүүгө жетиштик. Өзүңүздөр билгендей, армиябызды күчтөндүрдүк. Экономиканын дээрлик бардык тармактары үчүн жаңы техникалар сатылып алынды. Өлкөдө тартипти орноттук.

Кымбаттуу достор!

Ошентип биз өнүгүү жолуна түштүк. Албетте, бул – башталышы гана. Чынында эл мени бийликке алып келгенде мамлекетибиз мынчалык терең кризиске кептелгенин, биздин командага мамлекеттин негизги функцияларын калыбына келтирүүгө мынчалык көп убакыт талап кылынарын элестеткен эмесмин. Мамлекеттик негизги аппаратты кайрадан дурустап чогултууга туура келди. Конституциялык реформа жүргүзүлүп, Өкмөттүн Аппараты Президенттик Администрацияга бириктирилди. Облус жетекчилери ротацияланды. Ашыкча бюрократизмге, керексиз кадрларга каршы күрөш жүргүзүлдү.

Азыр мен үчүн эң негизги маселе – жаңы жумуш орундарын түзүү жана арзан турак жайларды куруу. Кыргызстандын жаштарын эң көп түйшөлткөн маселелер дагы дал ушулар!

Жаштарыбыздын татыктуу жумушка орношуусуна шарт түзүү – бул бүтүндөй элибиздин өнүгүүсүнүн эң ишенимдүү жолу. Майда-чүйдөсүнө чейин токтолбой эле коёюн, бирок көп жылдар бою сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп келген ондогон жаңы өндүрүштөр ачыла баштаарын жакында көрөсүздөр. Маселен, Ысык-Көлдө 1000 МВт күн электр станциясын куруу боюнча келишимге жаңы эле кол коюлду. Бул боюнча дүйнөдөгү эң ири энергетикалык компания болгон Кытайдын “China Power” (Чайна Пауэр) компаниясы менен эки жарым жыл мурда сүйлөшүүлөр башталган. Биз бир нече мыйзамдарга түзөтүүлөрдү киргизүү, онго жакын жаңы өкмөттүк документтерди кабыл алуу менен катар, өлкөбүздө саясий кырдаалды турукташтырууга жетишүүбүз да керек болчу. Кыргызстанда тартип орнойт, стабилдүүлүк болот деп ишенбегендиктен, эч ким бизге инвестиция салууга шашылган жок. Ачыгын айтканда, кышында жазды, жайында күздү күтүп, жаңы митингдердин, тополоңдордун мезгилин самагандар болду. Дүйнө жүзү Кыргызстанда тартип орноп, мамлекет чыңдалып калганын көрөрү менен олуттуу инвесторлордун агымы бир нече эсеге көбөйдү.

Жыйынтыгында Тору-Айгыр айылында узундугу жыйырма чакырым, туурасы он чакырымды түзгөн, жыйырма миң гектардан ашык аянтка кубаттуулугу бир ГВт (гигаватт) саат электр энергиясына ылайыкташкан күн батареясынын фермасы курулат. Кудай буюрса, бул станция мурдагы совет өлкөлөрүндө биринчи болуп, дүйнөдөгү эң чоң 10 күн станциясынын катарына кирет. Бул “Тору-Айгыр-1000” станциясынын курулушу жана ишке кириши менен жогорку маяналуу беш жүз жаңы жумуш орундарын түзүлөт.

Азыр бизде бул сыяктуу ондогон реалдуу долбоорлор бир эле учурда ишке ашырылып жатат. Келерки жылдын аягына чейин дагы бир топ ишканаларды ишке киргизүүгө жетишебиз деп ишенем.

Урматтуу ини-карындаштар! Ардактуу жаштар!

Менин эң башкы милдетим – Кыргызстан элине татыктуу жашоону куруу!

Мындай олуттуу милдетти ишке ашырууда – жаркын келечекти камсыз кылууда, улуттук кыялыбызды орундатууда азыркы жаштар жөн гана кол жайып отурбастан, мамлекет менен тыгыз кызматташып, жигердүү иш алпарат деп бекем ишенем.

Ушуга байланыштуу мен, Президент катары бардык жаштарыбызды көңүлүн төмөнкү үч багытка бурууга чакырам.

Биринчиси – жаңыча билимдерди, инновацияларды жана технологияларды ыкчам өздөштүрүү багыты. Биз билим экономикасын курууга умтулушубуз керектигин өткөн жолку жаштар форумунда да айткан элем. Азыр да сиздерден өзүңүздөргө, билимиңизге инвестиция салууну суранам.

Бүгүн силердин колуңарда дүйнөнүн бардык булуң-бурчунан маалымат алууга, электрондук форматтагы каалаган материалга жана билим алуу жаатында жүздөгөн колдонмолорго кирүүгө мүмкүнчүлүктөр бар. Болгону алтындан кымбат убактыңарды туура пайдалангыла, туура багытка жумшагыла.

Жаштыгыңардын бир эле бөлүгүн окууга, билим алууга, өнөр үйрөнүүгө жумшай алсаңар, анын үзүрүн өмүр бою көрөсүңөр. Тилекке каршы, көпчүлүк жаштар убактыларын эч максаты, пайдасы жок кооз сүрөттөр менен күлкүлүү видеолорго коротот.

Күнүмдүк убактысынын жок дегенде бир саатын чет тилин үйрөнүүгө, кандайдыр бир музыкалык аспапта ойноого, программалоону өздөштүрүүгө, жаңы айыл чарба техникасы болобу, айтор, пайдалуу өнөрдү өздөштүрүүгө убакыт бөлгөн жаштардын кандай ийгиликтерге жетишип жатканын менден жакшы билесиңер.

Кымбаттуу достор, чыгармачыл ой жүгүртүүнүн, ойду ырааттуу билдирүүнүн, ишкердик көндүмдөрдү, каржылык сабаттуулукту өнүктүрүүнүн башатыъъъ китеп окууга такалат. Китеп окуу абдан маанилүү! Билим экономикасы болобу, же чыгармачыл экономикабы же маданият коомубу айтор, кайсы багыттагы китеп болбосун, көңүлгө жаккан, өзүңдүн табиятыңа туура келген китеп окуу сөзсүз ийгиликтүү натыйжага жеткирет, аны менен жаңы доордо күчтүү, өнүккөн мамлекетти курууга салым кошо аласыңар.

Экинчи багыт – улуттук биримдигибизди жана ынтымагыбызды чыңдоо. Биз аймагына, улутуна, социалдык абалына карап бөлүнбөшүбуз керек. Керек болсо айылдык жана шаардык, же башка болуп бөлүнбөөгө чакырар элем. Баарыңар бир Кыргызстандын жаштарысыңар. Келгиле, кыялыбыздагы Кыргызстанды куруу үчүн бир бололу!

Ааламдашуу менен катар дүйнө өзгөрүп, руханий баалуулуктарыбыз, адеп-ахлагыбыз, нарк-насилибиз унутта калып бараткандай. Заманга жараша коомдо, виртуалдык дүйнөдө, социалдык тармактарда жүрүм-турумубузга, сүйлөгөн сөзүбүз менен кылган мамилебизге этият мамиле болушу кажет.

Ар бир адамдын кадыр-баркы мыйзам жана мамлекет тарабынан эле эмес, бардык башка жарандар тарабынан да корголгон адилет коомду куруу ар бирибиздин максатыбыз болушу зарыл. Коомдо оройлукка орун болбошу керек, айрыкча, эже-карындаштарыбызды, энелерибизди коргоонун, урматтоонун, ар бир наристеге кам көрүүнүн, карыяларыбызга өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын баса белгилеп кетейин. Өлкөбүздө агрессия жана ырайымсыздык үчүн эч кандай актоо жок жана болушу да мүмкүн эмес. Келгиле, бири-бирибизге боорукер, мээримдүү жана сылык мамиле кылалы.

Үчүнчү багыт – ажайып кооз жаратылышыбызга, табиятыбызга аяр мамиле кылуу милдети турат. Сиздерге – жаштарга жасалма интеллект киргизилген жана роботтор жайылтылган, тез өзгөрүп жаткан дүйнөдө гана жашоого туура келген жок. Тилекке каршы, биз баарыбыз глобалдык климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуубуз керек. Былтыр эле толуп-ташкан дарыялар канчалык соолуп, азайып калганын быйыл жайда көрдүңүздөр. Мунун өзү биз, баарыбыз адаттарыбыз менен баалуулуктарыбызды маани берип, кайрадан карап чыгышыбыз керек дегенди билдирет. Тамчылатып сугаруу сыяктуу технологияларды бардык жерге жайылтуу максатка ылайык келет. Сууну, электр энергиясын үнөмдөө, заманбап технологияларга өтүү жана, албетте, уникалдуу флора жана фаунабызды коргоо жаңы замандын жаштарынын адаттарына айланышы зарыл. Мүмкүн болушунча өзүбүздүн жашоо образыбызды сактап, кийинки муундун таза табиятта, жайлуу жашоосу үчүн зарыл болгон иш-аракеттердин баарын көрүшүбүз абзел. Эртең мен Дубайга Климаттын өзгөрүшү боюнча 28-конференцияга жөнөп жатам. Биз дүйнө жүзү боюнча тоолуу аймактарды туруктуу өнүктүрүүдө чоң глобалдык милдеттенме алганбыз. Мен бардык жаштарыбыздан экология жана климаттын өзгөрүүсүнө түшүнүү менен мамиле кылуусун өтүнөм.

Мамлекет башчысы катары, силердин ийгиликке жетишүүңөрдү камсыз кылуучу билимди алып, татыктуу кесиптин ээси болуп чыгышыңар үчүн билим берүү тутуму менен кесипке даярдоо тармагына колдоону күчөтүүгө сөз берем. Экинчиден, жаңы жумуш орундарын түзүү маанилүү артыкчылык болорун буга чейин дагы айттым. Экономиканын жаңы тармактарында жаштарды иш менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурам.

Мен бүгүн жаш ишкерлерди колдоо боюнча өзүнчө мамлекеттик программа иштеп чыгууну тапшырам. Биз жаш ишкерлерди каржылык жана насаатчылык программалар камтылган ресурстар жана аянтчалар менен камсыздашыбыз керек. Жаштардын улуттук жана жергиликтүү деңгээлде чечимдерди кабыл алууга жана саясат жүргүзүүгө катышуусу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө убада берем.

Урматтуу форумдун катышуучулары!

Ондогон кылымдарды артка таштаган кыргыз эли даңазалуу тарыхы менен сыймыктанат. Ата-бабаларыбыз бир кездерде Борбор Азияны титиреткен дөөлөт курган. Бүгүнкү керемет Кыргызстанды, ата салты менен наркын бизге аздектеп мурас кылган. Эми эң башкысы силердин колуңарда. Маданиятта болобу же экономикада болобу жаңы кереметтерди жаратуучулар силерсиңер, урматтуу жаштар!

Бүгүн биздин алдыбызда маанилүү милдеттер турат. Мамлекетибиздин өнүгүшүнө жаштар, силер чоң салым кошуп келесиңер, эртеңки күнү дагы зор салым кошоруңарга бекем ишенем. Мына ошондуктан, жоопкерчилик алган жаркын келечек куруучулар дал ушул жаштар деп баса белгилеп айтаар элем.

Биз Кыргызстандын жаштары менен сыймыктанабыз. Учурда жаштарыбыз кайсы иш менен алектенбесин, ар бири өлкө экономикасынын көтөрүлүшүнө, элибиздин өсүп-өнүгүшүнө чын ниети менен салым кошууга далалат кылып жатканын жакшы билем. Себеби, биздин жаштарыбыз өз өлкөсүнүн чыныгы атуулу, чыныгы мекенчили! Кыргызстан жаштарынын күч-кубаты, дарамети биздин өркүндөп-өсүшүбүздүн ачкычы!

Пандемия учурунда элибиздин саламаттыгы үчүн миңдеген ыктыярдуу жаштар кол сунуп, жардамга келишкени эсибизде. Өзгөчө Баткендеги куралдуу кагылышта Мекенибиздин чегин, элибиздин ар-намысын баатырларча коргогон эр жүрөк чек арачыларга, кырчындай азаматтарга таазим этким келет. Бул эр-азамат жаштардын элеси Кыргызстан элинин жүрөгүндө түбөлүк сакталат!

Ал эми учурда биздин спортчуларыбыз эл аралык, дүйнөлүк мелдештерде байгелүү орундарды багынтып, кыргыз байрагын бийик желбиретип, өлкөбүздү дүйнө жүзүнө даңазалап келет.

Дегеле, бүгүнкү күндө курулуш тармагында кимдер негизги күч? Жаштар. Дыйканчылык менен мал чарбасында кимдер? Жаштар. Өндүрүштө, көркөм искусстводо, кайсы гана тармакты албайлы, кимдер ийгилик жаратууда – албетте жаштар!

Мына ошондуктан, урматтуу жаш муун өкүлдөрү, биргелешип иштеп, мыйзам үстөмдүгү орногон, улуусун урматтап, кичүүсүн ызааттаган, инновацияларга толгон, туруктуу өнүгүү жолуна түшкөн коомду куралы!

Биз силерге, кымбаттуу Кыргызстандын жаштары, өлкөбүздүн келечеги гана эмес, бүгүнкүсү катары да чоң ишеним артабыз!

Жашасын Кыргызстандын жаштары! Жашасын көп этностуу Кыргызстан калкы! Жашасын Кыргызстандын жаңычыл мууну!

Көңүл бурганыңарга чоң ыракмат!

Пикир

Оставить комментарий